© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Орус мусулмандын» жашоосу жөнүндө

Кыргызстандын элинин көпчүлүк бөлүгү сунит багытындагы ханафиттик исламды тутунат. Александр 15 жылдан бери ислам динин тутуу менен, мусулман болуп саналып, уулун да мусулман салттары боюнча тарбиялап келе жатат.

Русский English


Автор: Бермет Насирова

*Материал аудиторияны Борбор Азия өлкөлөрүндөгү диний көп түрдүүлүк тууралуу кабардар кылууга арналган CABAR.asia аналитикалык платформасындагы макалалар сериясынын алкагында жарыяланды. Авторлор тигил же бул диний конфессияны пропагандалоо максатын көздөшпөйт.  

Александр Михайлов. Жеке архивден алынган сүрөт

Ислам динин качан кабыл алдыңыз эле? Эмне үчүн диниңизди алмаштырууну чечтиңиз?

Мен исламды 17 жашымда кабыл алдым. Ханафиттик мазхабды тутунам. Менин исламга өтө тургандай кескин деле себептерим менен көйгөйлөрүм жок болчу.  Апам – христианка, ал эми кичүү иним мен сыяктуу  мусулман.  Менин исламга карай жолум чөйрөмөн башталды: досторумдун арасында түрдүү улуттун өкүлдөрү бар эле, бирок бардыгы тең мусулман болчу.  

Тажик досум мага исламдын  эрежелерин орус тилинде айтып берчү. Анын баяндары абдан кызыктуу эле, бирок динди алмаштыруу тууралуу олуттуу деле ойлончу эмесмин, анткени тегерегимдеги адамдардын бардыгы христиан экенимди жана өз динимди бекем карманышым керектигин айтышчу. Бирок убакыт өткөн соң, исламга өтүүгө даяр экенимди түшүндүм. Бул үчүн күбөлүк сөздөрдү – «Калимат Шахаданы» – айтышым, негизги эрежелерди үйрөнүшүм керек эле, ошондон кийин толук кандуу мусулман болмокмун.  Кийинчерээк ар бир барагында Курандан алынган цитаталар жазылган мусулман календарын сатып алдым.  Досум айтып берген нерселердин бардыгы календарда кеңири берилип, мен көп нерсени мурдагыдан тереңирээк түшүнүп калдым.  Ошентип атайын адабияттарды окуй баштадым, убакыттын өтүшү менен орус тилдүү мусулмандар менен тааныштым. Окуп-үйрөнүп жатканда тигил же бул эрежелерди же сөздөрдү түшүнүүдө кыйналган учурларым болду,  бирок мындай учурда имамдардын эч кимиси жардам берүүдөн баш тарткан жок, бардыгын майда-баратына чейин түшүндүрүп беришчү.

Башка диндерден таба албаган эмнелерди исламдан таптыңыз?

Бала чагымда чоң энем чиркөөдө жана үйдө иконаларга сыйынып жатканын көрчүмүн жана кудай менен сүйлөшүү анын уулу тартылган сүрөттөр аркылуу ишке ашат деп эсептечүмүн. Куранды окуп-үйрөнө баштагандан кийин Алланы эч ким эч качан көрбөстүгүн,  бирок анын сыпаттарын (атрибуттарын) биле турганыбызды түшүндүм.  Бардык мусулмандар бир тарапты карап намаз окушат, намаз-дубалардын жардамы аркылуу биз кудай менен түздөн-түз байланышабыз, аны менен сүйлөшөбүз – мына ушул мага абдан катуу таасир тийгизди.

Жакындарыңыз менен досторуңуз диниңизди алмаштырганыңызды кандай кабыл алышты? Терс мамиле кылгандар болдубу?

Алгачкы мезгилде оор эле болду. Апам да, туугандарым да мени түшүнө алышкан жок. Жакындарым мени бирөөнүн таасирине кабылды, өзүн бир нерсе кылбаса экен деп коркуп жүрүштү.  Азыр болсо апам исламга жакшы көз карашта.  Ал менин мурдагыдай эле иштеп жатканымды, зыяндуу адаттарым жок экенин, өз милдеттеримди жоопкерчилик менен аткарганымды, шектүү уюмдарга кирбегенимди көрүп, кооптонбой калды. Акырындап исламдагы бардык агымдар тууралуу билдим. Негизги түркүк болуп «Калимат Шахада» эсептелерин билем.

Азыр ислам тууралуу үйдө дайыма сүйлөшөбүз. Апам менен мамилем жакын, ал мындай сөздөргө оң мамиле жасайт. Апама исламга өтүүнү сунуш кылгам, бирок ал шашкан жери жок. Биз негизги жана мусулман майрамдарын белгилейбиз. Үйгө адал азык-түлүктөрдү алып, чочконун этин жебей калдык.

Ар бир жолу кечки намазга камданып жатканымда, апам бүт үй-бүлөбүз үчүн дуба кылууну өтүнөт.

Исламды кабыл алгандан кийин турмушуңуз өзгөрдүбү? Тегерегиңиздеги адамдар менен диний ишенимиңиз тууралуу ачык сүйлөшө аласызбы?

Турмушум кескин өзгөрдү. Мурда бүгүнкү менен эле жашап, өзүм күбө болуп жүргөн көптөгөн турмуштук маселелер тууралуу ойлончу эмесмин. Акырындап эски досторум менен мамилемди үзө баштадым, анткени турмуштагы кызыкчылыктарым өзгөрдү. Ичкилик болгон шаңдуу иш-чараларга мени чакырбай калышты. Эмдигиче эле өзүмдүн  үстүмөн иштеп, жакшы сапаттарга ээ болууга аракеттенип  жатам.  Менин оюмча, дин адамды тыйып, тартипке салат экен, динсиз адамдар терс таасирге көбүрөөк кабыларын жана жаман иштерге көбүрөөк барарын байкадым.

Өзүмдүн мусулман экенимди  жарыя деле кылбайм. Исламды сөзүң менен эмес, ишиң менен жеткирүүгө болот деп ойлойм.  Менден сурап калышса, диний ишенимимди жашырбайм. Көп учурда топу кийип жүрөм, ошондуктан мусулман экенимди адамдар дароо эле түшүнүшөт. Өзүң каалагандай адам болуш үчүн, ага терең сүңгүп, жакшы өздөштүрүшүң керек.  Мен эч качан эч кимден: радикалдардан да, халифаттардан да, башка агымдардан да качкан жокмун.  Мечитке чогу барып жүргөн досторум мага Сулайман деген мусулман ысымын да беришти. Кээ бир коңшулар мени ошентип эле аташат.  Негизинен, адамдар мени орус деп ойлошпойт, анткени менде еврейдин, кавказдыктын жана поляктын каны бар. Көп учурда даргин улутунан деп ойлошот.  Мурда мечитке келгенде адамдар көп учурда бурулуп карашчу, мындан улам өзүмдү ак карга сезчүмүн. Бирок акырындап буга көңүл деле бурбай калдым.

Александр Михайлов достору менен Сауд Аравиясындагы Медина шаарынын байыркы мечиттеринин биринде

Тегерегиңиздеги адамдардын арасында ислам динин кабыл алган славян улутундагылар көппү?

Жеке өзүм 10-15 адамды тааныйм. WhatsApp та  «Исламдагы орустар (Русские в исламе)» тобубуз бар, алардын арасында ханафиттер[1], салафиттер[2] жана таблиги джамаат[3] (ред. эск.) бар. Биз бир мечитке чогулабыз, биргелешип дубаларды [4], зикирлерди [5] (ред. эск) кылабыз. Дайыма бири бирибизге кеңеш айтып, колдоп жардам бергенге аракеттенебиз, каржы маселелерин чечебиз, бирок кезигише турган атайын жай уюштурбайбыз, бардыгы тең үй-бүлөлүү, жумуштары көп, бат-баттан жолугуп турганга мүмкүнчүлүк жок.  Адатта, түрдүү долбоорлордун алкагында өткөрүлгөн биргелешкен иш-чараларда же араб тили курстарында кезигишип калабыз. Менин чөйрөмдө ар түрдүү адамдар бар. Жалаң гана орустар менен сүйлөшөт деген жок, ар түрдүү улуттагы адамдар менен мамилелешем.

 Көпчүлүк имамдар үгүт-даабат иштерин кыргыз тилинде жүргүзүшөт жана алар, негизинен, кыргыз тилдүү болуп саналышат. Бул тоскоолдукту кантип чечип жатасыздар?

Даабаттарды туура түшүнүү жагынан кыйынчылыктар болот. Кээде кыргыз тили боюнча баштапкы билимим кеп эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүүгө жардам берет. Түшүнбөгөн нерселер болсо, көп учурда жанымда отургандардан сурайм. Кээ бирде имамдар түшүнүп жатасыңбы деп өздөрү сурашат. Эгер суроолорум болсо, мага жеткиликтүү кылып түшүндүрүп беришет. Белгилүү бир жерлерде даабат бардыгына түшүнүктүү тилде жүргүзүлсө,  жакшы болот эле. Бирок бул суроо-талапка жараша болсо керек.

Түшүнбөстүк тууралуу айтсак, андай жагдай башыман өтө элек.  Улутчулдукка туш болгом, бирок анын динге тиешеси жок. Мен  динчил эмес  адамдардын улутчулдук мүнөздөгү чыр-чатактарына күбө  болгом. Ал адамдарга эч таарынычым жок, жаман улут жок деп эсептейм.  Бирөөлөр менен урушкан күндө да улутчулдук мүнөздө эч нерсе дебейм. Айрыкча, шаар майрамдарында  ичкиликке кызыган балдар чатак чыгаруу үчүн атайылап мага тийишсе да, андайларга токтоо мамиле кылам.

Ислам бирөө, ал эми мусулмандар ар түрдүү. Менин көз карашымда, адамдык толеранттуулук, диний сабаттуулук жетишпейт. Мечиттерде жеке мүнөздөгү чыр-чатактар болгон жагдайлар  кездешет жана алар көп учурда агрессия менен коштолот. Мындай моменттерде тутанып келаткан отту жалындатпай өчүрүү үчүн кылдаттык, сыпайылык жетишпей калат.

[1] «Салафи́я — такыба ата-бабалардын жашоо образына багыт алууга чакырган мусулман диний ишмерлерин бириктирген сунит агымы».

[2] «Ханафи́ттик мазха́б — суниттик исламдагы укуктук төрт мектептин бири. Негиздөөчүлөрү болуп  Абу Ханифа жанан анын окуучулары  Мухаммад аш-Шайбани, Абу Юсуф менен Зуфар ибн аль-Хузайл эсептелет».

[3] Джамаа́т Табли́г — негизги максаты болуп катышуучулардын элдин кеңири массасынын деңгээлиндеги иштери жана мусулмандарга кайрылуу аркылуу исламдагы диний кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүү эсептелген диний кыймыл.

[3] «Исламдагы дуба (ду’а) — Аллага кайрылуу»

[4] «Зикир — исламда Кудайды даңктаган формуланы көп ирет кайталоо менен коштолгон диний практика. Зикир намаз бүткөндөн кийин, мавлиддердин, жыйындардын учурунда же ыңгайлуу болгон каалаган учурда аткарылат (чалынат)».

 

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: