© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандын Ысык-Кѳл областындагы православдардын жашоосу кандай?

Кыргызстандын Ысык-Кѳл областы – православ христиандардын саны боюнча   Бишкек жана Чүй областынан кийинки үчүнчү орунда турат.  


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

Караколдогу Святая Троица чиркѳѳсү республикалык деӊгээлдеги тарыхый жана архитектуралык эстелик болуп эсептелет. Жыгачтан курулган куполдуу имарат – шаардын ажайып жайларынын бири.

Бирок, мунарадан коӊгуроочу кага турган бронза такталар – било эле калган. Мунара 1932-жылы таландыга учурап, салмагы бир тоннага жакын эӊ чоӊ коӊгуроону алып чыгып кетишкен. Кайра коӊгуроо орнотуу үчүн чиркѳѳнүн мүмкүнчүлүгү жок, ал үчүн 8-9 миӊ доллар талап кылынат.   

Караколдогу Святая Троица чиркѳѳсүнүн башчысы Сергей Чувичкин мунарадагы билону кѳрсѳтүп жатат. Photo: CABAR.asia

Караколдогу Святая Троица чиркѳѳсүнүн башчысы протоиерей Сергей Чувичкиндин  айтымында, майрам күндѳрү чиркѳѳгѳ 200-300 коом мүчѳсү чогулса, кадимки күндѳрү 50гѳ жакын киши келет. Булар негизинен орус улутундагылар, ошентсе да арасында православие динин кабыл алган кыргыздар да бар.  Башчынын айтканына караганда, мындай кѳрүнүш ири чиркѳѳ коому үчүн мүнѳздүү.

Бирок, чиркѳѳгѳ христиан динине кирбеген кишилер да келип турушат. Алардын кээлери Кудай эненин иконасына шам койгону жана балдар үчүн суранып  келсе, кээ  бирлери жѳн гана сыйынуу максатында келишет. 

«Кѳп учурда теӊирчиликке кѳбүрѳѳк ишенген кыргыздар келишет. Алар православие динин кошуп, бардык диндерге сый мамиле кылышат. Негизинен ыйык суу жана шам алышат. Ал эми кээ бирлери жѳн гана туруп, бир аз сыйынып кетет. Алар бул жерде ѳздѳрүн жакшы сезерин, сыйынган соӊ жеӊилдеп каларын жана тилегени ишке ашарын айтышат. Муну менен бирге, алар ѳздѳрүн мусулман деп эсептеп,  чокунуу тууралуу ойлору да жок», – дейт Чувичкин.

Катаал жылдар

Кыргызстандын Ысык-Кѳл областына православие дини 1860-жылдары кѳчүрүлүп келген алгачкы орустар менен бирге пайда болгон.  Каракол шаарындагы  Святая Троица чиркѳѳсүнүн башчысы протоиерей Сергей Чувичкиндин  айтуусуна караганда, областтагы алгачкы православдык чиркѳѳ жүрүш чиркѳѳсү болуп, аскер динаятындагы казактар тарабынан курулган.

«Бул жерде алгач гарнизон, андан кийин Каракол шаары орногондуктан, чиркѳѳ кыштан салынган. Бирок, кѳпкѳ турган эмес, балким 10 жыл тургандыр. Катуу жер титирѳѳдѳн кийин чиркѳѳ жараксыз абалга түшүп калган», – дейт Чувичкин.

Кийин аны жыгачтан куруу чечими кабыл алынган. Курулуш 1891-жылы башталып, 1895-жылы бүткѳн. Алгач чиркѳѳнүн формасы крест түрүндѳ болуп, кийин 1897-жылы кеӊейтилип, учурдагы кѳрүнүшкѳ ээ болгон.

Ысык-Кѳл областынын архивиндеги сүрѳт

Бирок, 1932-жылы Совет бийлиги чиркѳѳнү ѳзүнѳ алып, мунара менен тѳрт куполду  чатырына чейин бузуп салган. Борбордук куполдун барабаны гана калган. Башчынын айтуусу боюнча, кѳп нерсени ѳрттѳп, иконалар менен башка буюмдарды эмерек чыгаруучу фабрикаларга жиберип, алардан кашыктарды, столдорду жана башка буюмдарды жасатышкан. Динчил кызматкерлер анча-мынча буюмдарды сактап калууга аракет кылышкан. 

Ал эми имараттын ѳзүн кийинки 12 жылдык убакыт клуб катары пайдаланышкан. 1944-жылдын күз мезгилинде гана чиркѳѳ динчилдерге кайтарылып, мүмкүн болушунча мурунку абалына келтирилген.

«Ошол учурдан тартып 1961-жылга чейин ибадат, кудайга сыйынуу иш-аракеттери жүргүзүлгѳн. Бүгүнкү күндѳ бул жердеги иконалар менен киоттордун (иконаларды кое турган атайын шкафтар же айнек текчелер – ред.) баары 1945-жылдан 1961-жылга чейинки мезгил аралыгында калыбына келтирилген. Ошол мезгилден азыркыга чейин бизде Тихвин жана Владимир иконалары сакталып калган», – деп айтат чиркѳѳнүн башчысы.

Кудай Эненин Тихвин иконасы (ортодогу). Photo: CABAR.asia

1932-жылы Тихвин иконасын дагы эмерек фабрикасына жиберишкен. Бирок аны эки жумушчу – улгайган киши менен жаш Никита Каберняк араӊ сактап кала алышкан.

«Түн ичинде алар иконаны фабрикадан алып чыгып, бирде чатыга чыгарып, бирде жерге кѳмүп отуруп сактап калышкан. Согуш аяктап калганда, Никита Каберняк фронтто жүргѳндѳ, жубайы ошол иконаларды чиркѳѳгѳ алып келип берген. Ошондон бери алар бул жерде», – дейт Чувичкин.

1961-жылы чиркѳѳнү кайра тартып алышып, балдардын жана ѳспүрүмдѳрдүн адистештирилген олимпиадалык резерв мектебин ачышкан. Кошумча имаратты болсо, комсомолдордун шаардык комитетине беришкен.

1989-жылы имарат маданият министрлигине ѳткѳрүп берилгенден кийин, андан ѳлкѳ таануу музейин уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынган. Имарат реконструкцияланып, тѳрт куполу, мунарасы жана жыгач оймолор калыбына келтирилген. Эки жыл ѳткѳн соӊ Союз тарап, каржылоо токтотулуп,  чиркѳѳнүн имараты кароосуз калган.    

«1991-жылдан бери акырындап чиркѳѳнү калыбына келтире баштадык. Бир дагы терезенин айнеги болбогондуктан, айнектерин койдук, жылуулук системасын борбордук системага коштук. 1993-жылдын октябрь айынан баштап чиркѳѳдѳ үзгүлтүксүз таат-ибадаттар жүргүзүлѳ баштады. Кийин 1995-жылы КР алгачкы президенти Аскар Акаев тарабынан чиркѳѳ жанаша аймагы менен бирге орус православдарынын коомунун менчигине ѳткѳрүп берилген», – деп айтат чиркѳѳнүн башчысы.

«Сый менен мамиле жасашат»

Вячеслав Москалев Каракол шаарына жакын жайгашкан Челпек айылынын тургуну. Чиркѳѳгѳ эс кирип калган куракта – 28 жашында бара баштаган.

Чоӊ энем динге ишенген адам эле. Балким, ушул себептен улам бизге православие динин үйрѳткѳн. Мен ѳзүмдү динчил деп эсептей албайм, бирок убактым жана мүмкүнчүлүгүм болгондо чиркѳѳгѳ келгенге аракет кылам. Майрам күндѳрү болсо, үй-бүлѳбүз менен чогуу сѳзсүз келебиз.

Айылыбыздын тургундарынын басымдуу бѳлүгү – калмактар. Титулдук улут сыяктуу алар да мусулмандар. Бирок бизге жакшы, сый мамиле кылышат. Эч кандай кѳйгѳй жок.

Караколдогу Святая Троица чиркѳѳсүнүн алдында ата-энелердин тѳгүмдѳрүнүн эсебинен иштеген мектеп бар. Окуу алты классты караштырып, жалпысынан 95 окуучу билим алууда. Окуучулардын ичинде кыргыз, дунган, корей жана уйгур үй-бүлѳлѳрүнүн балдары да бар.

«Бирок, башка диндеги ата-энелер келгенде, бизде дин багытында да билим бериле тургандыгын дароо айтабыз. Ата-энелер буга каршы эмес, тескерисинче, балдары бизде билим алуусун каалагандыгын билдиришет. Биз, албетте эч кандай үгүттѳѳ иштери менен алектенбейбиз жана аларды бул багытка бурууга аракет кылбайбыз. Бирок, бала чоӊоюп, чокуна турган болсо, бул анын жеке тандоосу», – дейт Сергей Чувичкин.

2016-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлгѳн  социологиялык изилдѳѳнүн жыйынтыктары боюнча, кыргызстандыктардын 5%ы ѳздѳрүн православ христиан деп эсептейт. 

Сурамжылоого тартылгандардын басымдуу бѳлүгү Бишкекте – 16,2%, Чүй областында – 13,3% жана Ысык-Кѳл областында – 8,5% жашайт.  


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: