© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандыктар балдары менен неберелери Сириядан кайтып келет деген үмүттѳ

Кыргызстандык Сабира Осмонованын келини менен неберелери учурда Сирияда, экинчи келини кызы менен «Жусан» аттуу биринчи атайын операциянын алкагында Казакстанга кайтып келишти. Уулу Нурбек Сирияга 2013-жылы кеткен, ал эми жарым жыл мурун үй-бүлѳсү анын каза болгондугу тууралуу кабар алган.  

*Каармандардын аттары ѳзгѳртүлдү.

Уулум Сирияга кокусунан кетип калды. Унаасын оӊдойм деп Бишкеке кетип, ошол бойдон келген жок. Досторунун баарына, тууган-туушкандарга чалып чыктык, эч ким кѳрбѳптүр. Кийинчерээк, Албанияда иштеп жатам деп жазды.

Согуш аракеттери жүрүп жаткан аймакта экендиги тууралуу биздин үй-бүлѳ 10-бѳлүмдүн кызматкерлеринен укту. Бир жолу байланышка чыгып, чындыгында эле ошол жерде экендигин ѳзү ырастаганга чейин укканыма ишенген эмесмин. 

Мындай кадамга барышына эмне себеп болгондугун да билбейм. Балдар кичине кезинде эле күйѳѳм каза болуп калып, атасыз ѳсүштү. Бирок, чоӊ атасы, чоӊ апасы болуп үчѳѳлѳп колубуздан келишинче багып, чоӊойттук. Уулум ѳзү деле кылмыштан алыс жүрүп, эч кандай кѳйгѳй жараткан эмес.

Сабира Осмонова уулун ким жана кайсы жерден вербовкалап кеткендигин билбейт. Анын айтымында, уулу бир нече жыл Россияда иштеп жүргѳн. Ал эми Сирияга кетээрден мурун Кыргызстанда бир жылдай жашаган. Россиядан кайтып келген соӊ намаз окуп, динге кызыга баштаган.

Кийинчерээк жазышып жатып, ката кетиргенин, алданып калганын жана баарына ѳкүнүп жаткандыгын билдирген. Тилекке каршы, кеч болуп калган. 

Мындай кѳйгѳйгѳ учурап, балдары согуш аймагына кеткен башка ата-энелер менен сүйлѳшкѳн соӊ, алардын кѳпчүлүгү согуш аракеттери жүрүп жаткан жерге бара жатканын аӊдабай туруп эле кетишкенин түшүндүм. Алар дин убада кылган идеалдуу жашоону кѳздѳшкѳн, бирок бул диндин кандай кишилердин колунда экендиги тууралуу ойлонгон эмес. 

«Апа, мени кечир. Мен жаӊылдым», – деди ал мага.

«Неберелеримди Сириядан качан кайтарып келишет деп күтүп отурам. Аларды бир кѳрүш үчүн жашап келем»

УКМКнын маалыматы боюнча, 850 кыргызстандык Жакынкы Чыгыштагы ИГИЛ террористтик уюмунун (КРда тыюу салынган уюм-ред.билд.) катарына кошулуу максатында ѳлкѳдѳн  чыгып кеткен. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, террористтик ишмердүүлүк боюнча күнѳѳлүү деп табылган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. КР Жазык Кодексинин 243-беренесинде мындай деп жазылган:

Терроризм актысын жасоо үчүн жалдануунун же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо, Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөнүн аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу,  II-категориядагы эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Жашы жеткендер үчүн II-категория 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну билдирет.

ИИМдин маалыматтары боюнча, Сириянын аймагында согуш аракеттерине катышкан 60тан ашык кыргызстандык жаран ѳз алдынча ѳлкѳгѳ кайтып келген.  Алардын 40ка жакыны учурда күчѳтүлгѳн режимдеги түзѳтүү абактарында жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳп жатат.  

UNICEF бүгүнкү күндѳ Сириянын аймагында 150 кыргызстандык аял жана 350 бала бар экендигин белгилѳѳдѳ. Сабира Осмонова Сирияда тѳрѳлгѳн эки небересин күтүп жүрѳт. Нурбек кеткенден кийин анын жанында улуу небереси калган.  

Нурбек эрте үйлѳнгѳн, жаштыгынан улам үй-бүлѳсүн сактап кала алган жок. Ажырашкандан кийин неберем менде калган, ошондон бери чогуубуз. Ал ѳспүрүм куракка жетип, бардыгын түшүнүп калды. Атасын сагынып, бул жагдайдан улам кыйналып жүрѳт.

Бир жолу Нурбек Сириядан үйлѳнгѳнүн кабарлаган. Кыз жаш экен, мурда күйѳѳгѳ тийбептир. Ысык-Кѳлдѳн экен. Алардын 4 жана 2 жаштагы эки баласы бар – экѳѳ теӊ уул. Учурда үчѳѳ Сириянын лагерлеринин биринде. 

Бирок, жарым жыл мурун келинге Нурбек каза болду деп кабар беришиптир. Эне жүрѳгү буга ишенгиси келген жок. 

Уулум кылган күнѳѳсү үчүн мыйзам алдында жооп берип, ѳз мекенинде жаӊы жашоо баштоо максатында аман-эсен кайтып келет деген үмүттѳ жүрѳм. Неберелеримди Сириядан качан кайтарып келишет деп күтүп отурам. Аларды бир кѳрүш үчүн жашап келем.

Сирияда уулумдун Казакстандын жараны болгон  дагы бир аялы бар болчу. Аны «Жусан» операцияларынын биринин алкагында бир жарым жаштагы кызы менен мекенине кайтарып келишти.

Нурбек бизден экинчи никеси тууралуу жашырып жүрүптүр. Бизде Кыргызстанда кѳп аял алууга тыюу салынган эмеспи. Кийин чындыкты айтууну чечип, телефон менен тааныштырган. Ортодо кызы бар. Жакында Казакстанга барып, неберемди кѳрүп келдим.

Казакстандын үлгүсү

Казакстан ѳз жарандарын Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан жерлерден кайтарып келүү багытында активдүү иш алып барууда. Бүгүн, 9-октябрь күнү Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Ирактан 14 баланы кайтарып келүү пландалып жаткандыгын билдирди. 

Мындан мурун, үстүбүздѳгү жылы «Жусан» аттуу үч гуманитардык атайын операция ѳткѳрүлүп, анын алкагында Казакстанга 516 жаран, алардын ичинен 357 бала кайтарылып келди.  

Скриншот из видео операции “Жусан-2”

Келинимдин үй-бүлѳсү Казакстандагы болгон оокатын сатып, Сирияга толугу менен кетиптир. Алардын баарын кайтарып келип, убактылуу турак-жай менен камсыздап, медициналык жана гуманитардык жардам беришиптир. Неберемди бала бакчага киргизип жатыптыр, бир жумада бир нече жолу психолог жана теолог менен жолугушат экен. Теологдор менен болгон маектешүүлѳр аларга катуу таасир тийгизгендигин айтууда. Себеби, буга чейин вербовщиктер үгүттѳгѳн ислам дини менен жашап келишкен. Эми болсо, алар туура эмес түшүндүрмѳ берип келгендигин кѳрүп отурушат.

Келинимдин үй-бүлѳсүндѳгү улуу кишилерден алардын Сирияга кетүүсү үчүн эмне себеп болгонун сурадым. Мейли, жаштар эси жогураак, учкаяк болушат. Суроомо кудайга абдан ишенгендерин, анын мыйзамдары боюнча жашаган жерде турмуш укмуш болот деген ойдо кеткендери, бирок барган соӊ, жаӊылганын билип, ѳкүнүп калганын айтышты.  

«Чек арадан кантип ѳтүп кеткенибизди да билбей калдык. Сирияга бара жатканда бизди эч ким токтоткон жок жана текшерген жок», – деди келинимдин апасы.

Алардын айтымында, мекенине кайтарып келе жатканда абдан жакшы мамилеге туш болушкан. Келиним аларга эч ким катуу сүйлѳбѳгѳнүн, жемелебегенин айтты. Чынында дал ушундан коркушкан экен.

«Казакстандык жарандардын бир партиясы менен кетип жатып, жумушчу топ лагерде калгандар менен жакын туугандай коштошуп жатты. Балдарды кучагына кысып, аларга жылуу сѳз айтып, аялдарга кайра кайтып келебиз деп убада кылып жатышты. Мекенибиздеги боордоштор кылган ишибиз үчүн бизди жек кѳрүшѳт деп ойлоп жүргѳнбүз, кѳрсѳ, алардын бизге боору ооруйт тура», – деди мага келиним. 

Казакстандыктарды кайтарып келгендерин угуп алып, биздин балдарды да дал ушинтип алып келип, эркиндик менен жакшы жашоо тартуулашат деген үмүт пайда болду. Казакстан Сириядан жарандарын кайтарып келүү боюнча үлгү кѳрсѳтѳ алды. Кыргызстан да анын жолун жолдоп, жарандарынын туура жашоого кайтуусу үчүн мүмкүндүк берет деп үмүттѳнѳм.

Уулум тирүүбү же жокпу билбейм. Тирүү же ѳлүү экенин билбей жашоо ѳтѳ кыйын. Меникиндей сыноону эч кимге бербесин. Келиним менен неберелерим Кыргызстанга кайтып келишсе, санаам тынчып калат эле.

Мой сын уехал в Сирию внезапно. Сказал, что едет в Бишкек, чтобы отремонтировать машину и не вернулся. Мы обзвонили всех его друзей и наших родственников, никто его не видел. Через некоторое время он написал, что находится в Албании на заработках.

О том, что он в зоне боевых действий, наша семья узнала от сотрудников 10-го отдела. Я не верила услышанному, пока он однажды не вышел на связь и не подтвердил, что находится там.

Даже не знаю, что могло стать причиной такого шага. Он вырос без отца, так как мой муж умер, когда дети были совсем маленькими. Но я и его дедушка с бабушкой делали для него и его брата и сестры все, что было в наших силах. Да и сам он никогда не был криминальным и особых проблем не доставлял.

Сабира Осмонова не знает, кто и где мог завербовать ее сына. По ее словам, он несколько лет был на заработках в России. А перед тем, как отправиться в Сирию, он пробыл в Кыргызстане около года. Читать намаз и интересоваться религией он стал после возвращения из России.

Позже при переписке он признался, что ошибся, что его обманули и что он обо всем сожалеет. Правда, было уже поздно.

Столкнувшись с этой проблемой и поговорив с другими родителями, чьи дети тоже там, поняла, что большинство из них не понимали до конца, что едут на место военного конфликта. Они хотели идеальной жизни как обещает религия, но не подумали в руках каких людей эта религия там находится. 

«Мама, прости меня. Я ошибся», – сказал он мне.

«Искупить вину и начать новую жизнь»

По данным ГКНБ, около 850 кыргызстанцев покинули страну, чтобы примкнуть к рядам террористической организации ИГИЛ (запрещена в КР – прим.ред.) на Ближнем Востоке. Согласно законодательству Кыргызстана, лица, виновные в террористической деятельности, несут уголовную ответственность. Статья 243 УК КР гласит:

Участие гражданина Кыргызской Республики в вооруженных конфликтах или военных действиях на территории иностранного государства при отсутствии признаков наемничества или прохождения за пределами Кыргызской Республики подготовки для совершения террористического акта, наказывается лишением свободы II категории.

II категория означает лишение свободы для совершеннолетних на срок от 2,5 до 5 лет.

По данным МВД, в Кыргызстан самостоятельно вернулись более 60 кыргызстанцев, принимавших участие в боевых действиях на территории Сирии. Около 40 из них отбывают на данный момент наказание в колониях усиленного режима.

UNICEF отмечает, что на сегодняшний день на территории Сирии находится 150 кыргызстанских женщин и 350 детей. Сабира Осмонова ждет возвращения двоих внуков, которые родились уже в Сирии. После отъезда Нурбека с ней остался только старший ребенок сына. 

Нурбек женился рано, и по этой же причине не смог сохранить свой брак. После развода, внук остался со мной и до сих пор мы вместе. Он уже в подростковом возрасте и все понимает. Скучает по отцу и страдает из-за этой ситуации.

Как-то Нурбек сообщил, что женился в Сирии. Девушка была молодая, не была ранее замужем. Она тоже кыргызстанка, родом из Иссык-Кульской области. У них двое детей, оба мальчика – 4 и 2 года. Сейчас они втроем находятся в одном из лагерей Сирии. 

Но где-то полгода назад невестке сообщили, что Нурбек погиб. Материнское сердце в это верить не хочет.

Все надеюсь, что мой сыночек жив и вернется, чтобы искупить свою вину перед законом и начать новую жизнь на своей родине. Жду, когда вернут внуков из Сирии. Живу ради встречи с ними.

У сына в Сирии была и другая жена – гражданка Казахстана. Ее вместе с полуторагодовалой дочерью вернули во время одной из операций «Жусан».

Нурбек скрывал от нас свой второй брак. У нас же в Кыргызстане многоженство не принято. Потом все-таки решил сказать и по телефону познакомил с ней. У них есть общая дочь. Недавно съездила в Казахстан и навестила внучку.

Пример Казахстана

Казахстан активно работает над возвращением своих граждан из зон боевых действий на Ближнем Востоке. Сегодня, 9 октября, министр иностранных дел РК Мухтар Тлеуберди сообщил, что планируется возвращение 14 детей из Ирака. 

Ранее в этом году прошли три гуманитарные спецоперации «Жусан», в рамках которых в Казахстан вернулись 516 человек, в том числе 357 детей. 

Скриншот из видео операции “Жусан-2”
Семья невестки уехала в Сирию в полном составе, полностью распродав имущество в Казахстане. Их всех вернули оттуда и выдали им временное жилье, оказали медицинскую и гуманитарную помощь. Внучку мою устраивают в садик, несколько раз в неделю они встречаются с психологом и теологом. Они говорят, что эти встречи с теологами сильно повлияли на них. Поскольку до этого они жили исламом, который проповедовали вербовщики. Теперь же увидели, что их интерпретации были неверны.

Я спрашивала у старших членов семьи невестки, что их сподвигло туда поехать. Ладно, молодые могут быть глупыми и легкомысленными. Они ответили, что очень верили в Бога и верили в то, что там, где живут по его закону жизнь прекрасна. Но тоже ошиблись и пожалели.

«Мы не успели опомнится, как прошли границу. Нас никто не останавливал и толком не проверял, когда мы отправлялись в Сирию», – сказала мама моей невестки.

По их словам, возвращали их очень бережно. Невестка говорила, что им никто не грубил и не упрекал, хотя именно этого они боялись.

«Уезжая с одной партией граждан казахстанцев и оставляя другую в лагере, рабочая группа прощалась с оставшимися как с родными. Они прижимали детей к себе, шептали им теплые слова и обещали женщинам вернуться за ними. Мы думали нас ненавидят на родине за наш поступок, но оказалось, что они нам сочувствуют и жалеют», – сказала мне невестка. 

Услышав, как возвращали казахстанцев, у меня появились надежда, что, возможно, и наших детей так вернут и помогут им обрести свободу и жизнь. Казахстан показал пример, как можно вернуть граждан из Сирии. Надеюсь, Кыргызстан последует ему и даст шанс своим гражданам вернуться к нормальной жизни

Не знаю, жив мой сын или нет. Это мучительно жить, не зная этого. Не желаю такое испытание никому. Если бы мои внуки и невестка вернулись в Кыргызстан я бы нашла покой в них.


Данная статья была подготовлена в рамках проекта IWPR «Стабильность в Центральной Азии через открытый диалог».

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: