© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Диний билим: ажырымдын өзөгү

Чет өлкөдөн диний билим алган жаштар ар башка көз карашты карманганы үчүн ажырым пайда болгону айтылып келет.


Биздин Facebook баракчабызга жазылыӊыз!


Бул макала IWPR Central Asia медиа-уюму “Азаттык” радиосу менен кызматташтыгынын алкагында даярдалды. Макаланын түп нускасы azattyk.kg веб-сайтында жарыяланган.

Баткендеги медреселердин биринин окуучулары. Сүрөт: muftiyat.kg

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты бекиткен 2014-жылдан 2020-жылга чейинки концепцияда студенттерди чет өлкөлөргө диний билим алуу үчүн окууга жөнөтүүнү тартипке салуу маселеси коюлган.

Бирок алты жылдай убакыт өткөнүнө карабастан, диний билим алууну каалаган жаштар чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларын өз алдынча тандап, көпчүлүк учурда алардын окуусун каржылаган демөөрчүлөр кимдер экени белгисиз бойдон кала бергени тууралуу маселе козголду.

Ар кайсы чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстанга кайтып келип, кийин имамдык кызматтарга келгенде көз караштардын айырмачылыгынан улам, аларды ээрчиген жамааттардын ортосунда ажырым чыгып жатканы айтылды.

Ар кайсы чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген Кыргызстандагы динзарлардын жана алардын артынан ээрчиген жамааттардын көп түрдүүлүгү, ажырымы жана алардын диний кырдаалга таасири коомчулуктагы талкууга жем таштады.

Салттуу дин аалымдары жаштарды диний билим алууга чет өлкөлөргө жиберүү тартипке салынбай, динди түшүндүрүүдө коомчулукту ажырымга алып келүүчү көз караштар күчөп, коомдук аң-сезимге таасир этүү үчүн диний жамааттар ортосунда тымызын тиреш бар экенин белгилешти.

“Чет элде окугандар каттоого алына элек”

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта эле чет өлкөлөрдөн ислам багытында диний билим алууга умтулуу аракеттери күч алган.

Пакистандагы ислам университети. Сүрөт: arabnews.com

Ислам динин тутунган бир катар кыргызстандыктар Египет, Сауд Арабиясы,Түркия, Малайзия, Иордания, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө барып, ал жактагы жогорку ислам окуу жайларында билим алса, көпчүлүгү Индия менен Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн төрт айлык же болбосо бир жылдык диний дарстарды угуп келишкен.

Бул диний курстардан адатта алар ошол өлкөлөрдө дааватта жүрүп, андагы мечиттер жана медреселер аркылуу өтүшөрү көрсөтүлгөн. Бирок диний жогорку билим алууга же кыска мөөнөттөгү диний окуу дарстарына кеткендердин так саны белгисиз.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким Эргешов муфтияттын жолдомосунан тыш окууга кеткендердин так саны белгисиз экенин айтып, ошондуктан чет өлкөлөргө өз алдынча окууга кеткендер эмнени окуп, эмнени үйрөнүп жатканын көзөмөлдөө иш жүзүндө мүмкүн эместигин белгиледи:

“Сыртка окууга кеткендерди көзөмөлдөө биздин милдет эмес. Аны дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан сурап көргүлө. Биз алардын так санын айта албайбыз. Негизинен азыр мусулман өлкөлөрүнүн бардыгына эле өз жолу менен кетип жатышат. Алардан каякка кетип жатканын биз сурай албайбыз. Эгер муфтияттан жолдомо алып, кете турган болсо, биз аларга көрсөтмө беребиз. Бирок биз бардыгына милдеттеме алган эмеспиз. Бул жагы мыйзамга салынган эмес. Бизден жолдомо алып, диний билим алуу үчүн чет өлкөгө кеткендердин саны отуздун тегерегинде болсо керек. Негизинен Египетке, Иорданияга, Сауд Арабияга жана Пакистанга окууга кетип жатышат. Бул жакта алардын билим алуусуна көзөмөл бар. Бирок алар чет өлкөлөргө чыгып кеткенден кийин аларды көзөмөлдөө биздин колубуздагы иш эмес”.

Диний жогорку билим алуу үчүн же кыска мөөнөттүк диний курстарга чет өлкөлөргө кеткен жарандардын так санын Кыргызстандын муфтияты дагы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да, Тышкы иштер министрлиги да билбей турганы белгилүү болду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев тиешелүү мыйзамдык база болбогондуктан чет өлкөлөргө диний окууга кеткендер каттоого алынбасын билдирди:

Закир Чотаев. Сүрөт: who.ca-news.org

“Чет өлкөлөрдөн диний билим алууну каалагандар уруксат алуу үчүн бизге кайрылбайт. Анткени мыйзамда мындай ченем жок. Мурда чет өлкөгө окууга жиберүү маселеси боюнча макулдашууну караган президенттин жарлыгы бар болчу. Бирок ал жарлык иштебейт. Анткени биздин Баш мыйзамда жарандардын өлкөнүн ичинде жана өлкөдөн тышкары эркин чыгуу укугу бар. Ошондуктан чет өлкөгө диний окууга кетип жаткандар боюнча бизде каттоо жүрбөйт. Көп учурларда алар өздөрү кетишет. Кыргызстандагы диний уюмдар аркылуу стипендияларды таап, мына ошол аркылуу окууга барат. Азыр кайсы өлкөлөрдө биздин канча студент окуп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Тышкы иштер министрлигине кайрылып, диний билим алып жаткандар тууралуу сурайбыз. Бирок бизге алар консулдук каттоого турбагандыктан, так маалымат жоктугун айтып, жооп беришкен”.

Соңку жылдары туристтик виза менен же жекече чакыруулар аркылуу чоочун бирөөлөрдүн каржылык жардамы менен сыртка диний билим алууга кеткен жаштардын агымы көп экени иликтөө учурунда байкалды.

Бул өтө тынчсыздандыра турган көрүнүш экенин салттуу дин аалымдары да ырасташкан. Алар чет өлкөлөрдөгү сапаттуу жана коопсуз диний билим берген окуу жайлар менен гана келишим түзүп, ошол жактарга гана балдарды окууга жиберүү боюнча сунуштар ушул күнгө чейин аткарылбай келе жатканын сынга алышты.

Ошондой эле чет өлкөдөн бүтүп келгендердин диний билимдеринин жана жасаган амалдарынын ар түрдүүлүгү көз караштардын ажырымына алып келип жатканына салттуу дин аалымдары кабатыр.

Диний мектептер ортосундагы ажырым

Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы Дилмурат Орозов жума намазын окуй турган мечиттердин көбөйүшүн аларды жетектеген имамдардын ар түркүн чет элдик диний мектептердин жөрөлгөлөрүн карманган көз караштарынын ич ара ажырымы менен байланыштырды:

Дилмурат Орозов. Сүрөт: 7-каналдын сюжетинен алынды

“Чет өлкөлөргө окууга кеткен балдар ал жактардан жөн эле билим алып келбестен, ошол жактын акыйдасын алып, ошол жактын үрп-адаттарын, ошол жактагы устаздарынын жүрүш-турушун кошо үйрөнүп, бул жакка көчүрүп келип жатышат. Ошол нерселер биздин коомго жат көрүнөт. Ошонун айынан бизде көз караштардын карама-каршылыгы пайда болууда. Мага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы бир жолу “сиз кызматтан кеткенден кийин бир жылда шаарда жума намазын окуй турган 13 мечит ачылып кетиптир, биздин элибиз чын эле мечиттерге батпай калдыбы?” деп суроо берип калды. Анткени ага чейин төрт мечит бар эле. Мен ага “эл мечиттерге батпай калган жери жок, имамдар батпай калды” деп жооп бергем. Чынында эле азыр эки имам бар болсо, эки башка көз караш. Өз ара сүйлөшүп, бирин-бири түшүнүштүн ордуна, башка жактан жума намаз окуй турган мечит ачып, чыгып кетүү аларга оңойураак болду. Менден кийин казы болуп келген адам жума намазын окуй турган мечиттерди куруп, ачканга уруксат бере берди. Ошону менен азыр бизде он беш чакты жума намазын окуй турган мечит, он беш түрдүү имамдар бар. Алар Египеттен, Сауд Арабиядан, Пакистандан жана Түркиядан окуп келген балдар. Бир эле маселенин тегерегинде төрт-беш түрдүү сөз чыгат. Ар кимиси ар башкача чечмелейт. Анан ар кимисинин артынан ээрчиген жактоочулары чыгат. Ошону менен акыйкаттыкка жете турган жол татаалдашып, алыстап кетип бара жатат”.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2016-жылы диний кырдаал катуу талкууланып, анда 2014-жылы бекитилген дин боюнча мамлекеттик саясатты ичине камтыган концепциянын талаптарын аткаруу маселеси козголгон. Алардын эң эле негизгиси катары жаштарды чет өлкөлөргө диний окуу жайларга жөнөтүүнү тартипке салуу жагы каралган.

“Көзөмөл такыр жок эмес”

Муфтийдин орун басары Замир Ракиев чет өлкөлөргө диний билим алууга жиберилгендер каттоого алынбаганы менен алардын болжолдуу саны жана окуу багыттары белгилүү экенин айтып, анда окуган кыргызстандык балдарды көзөмөлдөй турган башчылары бар экенин кошумчалады:

Замир Ракиев. Сүрөт: muftiyat.kg

“Чет өлкөлөрдүн арасынан эң көп Египет өлкөсүндө беш жүзгө чукул студент окуйт. Сауд Арабия, Иордания жана Малайзияда да студенттер бар. Биздин азирети муфтий ал жактарга барганда, ислам университеттеринде окуган студенттерди чогултуп, “ханафий мазхабынын, матрудий акыйдасына бекем болгула” деген кеңештерин берип келет. Азыркы мезгилде окуп жаткан студенттердин арасында бир топ оңолуу бар. Биз аларга чет өлкөлөрдө окуп жатканда чет элдин үрп-адатын, салттарын өзүңөргө сиңирип албай, “ислам багытында бир гана ханафий-мазхабына басым жасагыла” деп айтып келе жатабыз. Мындан сырткары Египетте бизде мурда каныгып окуп кеткен, тажрыйбалуу жана билимдүү жана ишеничтүү балдар бар. Биз мына ошолорду калган студенттердин башына коюп, алар балдарды көзөмөлдөп турат. Сауд Арабиясында окуган студенттерди дагы биз жоопкерчиликтүү балдарга дайындап, окутуп жатабыз. Алардын арасынан эртең бул жакка келгенде кайсы бири көйгөй жаратпагандай нукка салуу үчүн иштерди алып барып жатабыз”.

Салттуу мектеп кандайча “сүрүлдү”

Анткен менен салттуу дин аалымдары буга чейин Орто Азияда ханафий мазхабынын жана матуридий акыйдасынын негизинде исламды окутуунун Бухара мектеби таасирдүү болгонун белгилешет. “Ал мектеп кастыкты, жек көрүүнү четке кагып, динди таңуулоо аркылуу эмес, ынаным аркылуу жайылтууну көздөгөнү менен азыр өлкөгө келип жаткан диний агымдардан кескин айырмаланат” дешет.

Дилмурат Орозов чет өлкөлөрдөгү ар кайсы окуу жайларынан билим алгандар экстремисттик же радикалдык идеялар менен сугарылбаган учурда деле, алар башка элдин үрп-адатын, маданиятын жана диний негиздеги салт-санаасын “импорттоочу өткөргүч” катары кызмат кылып, аларды бириктирүүчү диний саясат ишке ашпай жатканын белгиледи:

“Балдар кайсы жерден окуп келсе, мына ошол жердин моделин, үрп-адатын, салтын көчүрүп келип, бул жакка жайылта турган жагдай түзүлүп жатат. Пакистандан окуп келген балдар, Кыргызстан Пакистандай болсо дешет. Түркиядан окууну бүтүп келгендер биздин өлкөнүн Түркиядай болушун каалашат. Саду Арабиясынан окуп келгендер бизде дагы бардыгы мына ошол жактагыдай болсо дешет. Мына ушундай тенденция жүрүп жатат да”.

Четке окууга тартуунун “чеберчилиги”

Буга чейин Булан институтунун изилдөө-баяндамасында ислам дини боюнча диний билим алуу үчүн Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер адатта, чет өлкөлөрдөгү диний радикалдык-экстремисттик уюмдардын торуна түшүп, алардын динди бурмалап окуткан окуу борборлоруна кабылып калуу коркунучу жогору экени эскертилген.

Диний билим берүү боюнча «Булан институт» изилдөө уюмунун талкуусу. Cүрөт: religion.gov.kg

Мисалы, баяндамада Пакистанда диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн расмий катталбаган медреселер түзүп, алар “Таблиги жамаат” жана “Ахл-у Хадис” сыяктуу ар кандай диний агымдарга тиешелүү экени изилденген.

Панжап аймагында “Ахл-у Хадис” жамаатына тиешелүү медреселер, мечиттер, диний-экстремисттик багыттагы басмаканалар жана диний-саясий багыттагы уюмдар бар экени баяндамада көрсөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов чет өлкөлөрдөгү мына ошондой диний окуу жайларга тартуунун айла-амалдары тууралуу айтып берди:

“Андагы жаштардын көпчүлүгү бекеринен барып калган эмес. Алар бул жакта Кыргызстанда жүргөндө эле кандайдыр бир адамдардын үгүтү, таасири, акчалай жардамы жана байланыштары аркылуу барышканын биз билебиз. Бул жакта мына ошондой жеке фонддор, уюмдар ачык иштешпейт да. Алардын артында кимдер турат? Алар кандай максат менен жаштарды чет өлкөлөргө окууга жиберип жатат? Мына ошолор тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарда жок. Жаштар мына ошол жакка барып, окуп келгенден кийин гана тиешелүү органдар аларды билип калып жатышпайбы. Биз чет өлкөлөрдө диний билим алып жүргөн балдар ар кандай экстремисттик уюмдардын торуна түшүп калганы тууралуу маалыматтарды алчу элек. Алар чет өлкөгө диний билим алууга кетип жатканда, стипендиясын, жол акысын төлөп берет экен. Жаштар ал жакка окууга жакшы эле ниет менен барышат. Бирок аларды алдап, паспортторун алып коюп, экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп, андан кийин чыга албай калышат”.

Бирок жашыруун каржылоо каналдарына байланышкан мындай жүйөлөргө бир катар дин аалымдары макул эмес. Жаштарды чет өлкөлөргө диний окууга жөнөтүү менен алектенген жеке менчик фонддор жана агенттиктер бар дегени менен ал маалыматтарды расмий түрдө ырастоого мүмкүн болбоду. Аталган фонддордун каржылоо булактары каяктан экени да белгисиз.

Демөөрчүлөр берген дем

Муфтийдин орун басары Замир Ракиев муфтияттан жолдомо берилип, чет өлкөгө окууга жиберилгендердин демөөрчүлөрү белгилүү экенин айтып, андай каржы булактарынан шек саноого негиз жок экенин белгиледи:

“Биздеги жеке адамдар деле балдардын чет элдеги окуусун каржылашы мүмкүн. Анткени соопчулук үчүн үч-төрт кээде 10 балага чейин чыгымын моюнуна алып, аларды “чет өлкөлөргө окууга жиберели” деген адамдар деле бар. Бирок биз андай жеке адамдын ишине кийлигише албайбыз. Бул анын өз эрки. Көптөрү мындай соопчулук иштерин ачыкка чыгарууну каалашпайт. Египетке барганда ал жактагы белгилүү аалымдардын стипендиясын алып, жашаган балдарыбыз бар. Мисалы Египетте билим алгандарды каржылаган кувейттик Аль Багдин деген бир аалым бар. Мурда Египетте билим алган көпчүлүк балдар мына ошол кишинин стипендиясын алып, окушкан. Ошондой эле ал жактагы кайрымдуулук фонддорунан стипендия алып, окугандар бар. Ал жактагы мурдагы муфтийлер түзгөн кайрымдуулук фонддорунун стипендиясы да бар. Ал эми Сауд Арабияда андай демөөрчүлөргө деле муктаждык жок. Анткени студенттерге окуу жайдан 250-300 доллар стипендия берилет. бул акча билим алууга кенен жетет”.

Четтеги шектүү окуу борборлору

Ошол эле кезде көп жыл атайын кызматтын терроризмге каршы күрөшүү багытын жетектеген жана Коопсуздук кеңештин катчылыгын аркалган Марат Иманкулов Кыргызстандын чалгын кызматтары Пакистандын уруулар жайгашкан Түндүк Вазирстан аймагында жана Ооганстанда жашыруун негизделген диний окуу борборлорунда диний билим берүү менен катар эле андагы окуучулар аскердик даярдыктан өтө турганы боюнча маалыматтарды бергенин эске салды.

Анын айтымында, мындай жашыруун окуу жайларын экстремисттик-террордук топтор көзөмөлдөп, каржылап, болочок “моджахеддерди” даярдаган машыгуу борборлоруна айландырган учурлар болгон.

Марат Иманкулов. Сүрөт: azattyk.org

Марат Иманкулов андай окуу борборлорунда Борбор Азиядан, анын ичинен Кыргызстандан баргандар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар келип турганын айтты:

“Диний билим алып жаткан жерлерде ар кандай күжүрмөн машыгууларды өткөргөн учурлар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар болгон. Негизи, диний окуу жайлардын окуу программасында андай нерселер жок болушу керек эле. Мен иштеп турган кезде, пакистандык кесиптештер менен сүйлөшүп калчумун. Ошондо алар “жарандарыңар бул жактагы ар кандай жеке менчик окуу жайларга окууга кирип алып, эмне менен алек болуп жүрүшкөнү бизге дагы беймаалым, ушуга көңүл бурсаңар жакшы болот эле” дешкен. Себеби, ал жактагы ар кандай топтордун үгүтү менен жоочу болуп кеткен учурлар көп болбодубу”.

Буга чейин Пакистандын Муридке шаарындагы «Марказ-и Дава-йы-Иршад» медресеси билим берүү менен бирге эле саясат, соода-сатыкты жана аскер өнөрүн кошуп окута турганы белгилүү болгон.

Андыктан дин таануу жаатындагы адистер чет өлкөлөрдөн диний билим алгандардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанда салафиттик агымдын ичиндеги радикалдык такфиризм идеясын тутунган жамааттар же болбосо алар менен үндөш идеяларды жайылткан диний топтор пайда болгону тынчсызданууга негиз бере турганын айтышууда.

Жакындан бери Кыргызстандын муфтияты араб өлкөлөрү менен Пакистандан сырткары окуучуларды Башкирия менен Татарстандагы Казан жана Уфадагы жогорку диний окуу жайларга жиберүү маселесин колго алган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-2019-окуу жылдарында 15 кыргызстандык Казанга жана Уфага окууга жиберилгенин маалымдады.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report

The following text will be sent to our editors: