© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Онлайн сыйынуу. Кыргызстанда диний уюмдар кантип иштеп жатышат

Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы ѳзгѳчѳ абал жана ѳзүн ѳзү изоляциялоо режиминде башталат. Ушул себептен улам, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) орозо кармоо эрежелерине айрым ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Айта кетсек, динчилдер намаздарын ѳз үйлѳрүндѳ, үй-бүлѳсү менен бирге окушат, ал эми ифтарга – ооз ачууга конок чакырууга болбойт. Кыргызстандын муфтийи жалпы мусулмандарды Рамазан айында карантинди сактоого чакырган атайы кайрылуу жаздырды.  

Коронавирус пандемиясы быйыл 19-апрелге туш келген пасханын майрамдалышына дагы ѳзгѳртүү киргизүүгѳ себеп болду. Епархиядан кудайга сыйынуу иш-чарасы биринчи жолу онлайн-форматта  ѳткѳндүгүн билдиришти.

Бишкектеги Воскресенск соборунда ибадатка беш киши катышып, иш-чара социалдык тармактар менен телевидение аркылуу кѳрсѳтүлдү.  

«Кишилер эфирге кошулуп, ордунан туруп, биз менен бирге ибадат кылышты, кудайга сыйынуу сѳздѳрүн угушту. Мындай кѳрүнүш алгачкы жолу болууда. Чиркѳѳлѳр эч качан жабылган эмес жана Пасха биринчи ирет жаӊы режимде майрамдалды», – дейт Бишкек епархиясынын коом менен байланыш маселелери боюнча катчысынын орун басары протоиерей Алексей Сыромятников.   

Сүрѳт Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Instagram расмий баракчасынан алдынды

Кыргызстандагы Орус православдык чиркѳѳсүнүн ѳлкѳнүн бардык аймактарындагы чиркѳѳлѳрү менен храмдары ѳзгѳчѳ абал режими киргизилген 24-марттан бери ишмердүүлүгүн токтотушкан.

Алексей Сыромятников. Photo: CABAR.asia

Бишкек епархиясынын коом менен байланыш маселелери боюнча катчысынын орун басары протоиерей Алексей Сыромятников чиркѳѳлѳр менен храмдарда сыйынуу иш-чаралары азырынча ѳткѳрүлбѳй жатканын, алардын коом мүчѳлѳрү үчүн жабык экенин белгилейт.

«Ѳзгѳчѳ абал режими киргизилбеген жерлерде сыйынуу чиркѳѳ коомунда жашаган дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдѳ, бирок храмдар мүчѳлѳр үчүн жабык», – деп билдирет Сыромятников.

«Элдин ден соолугу баарынан кымбат»

Бишкек шаарынын 55 жаштагы Рахман аттуу тургуну жумуштан бош убакта мечитке барып турчу экен. Ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилерден мурун акыркы жумаларда насааттардын учурунда имамдар коронавирус тууралуу сѳз кылып, динчилдерди жеке гигиенаны сактоого чакырып жатышкандыгын айтты.

Кезектеги жума намазынан кийин коронавирус жайыла баштаганына байланыштуу мечит карантинге жабылары айтылган. 17-марттан тартып, ѳлкѳ боюнча жума намаздар менен мечиттеги башка иш-чаралардын баары токтотулган.

«Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткондугу тууралуу кабарды уккандан кийин эле мечитке барбай калдым. Мечиттер менен башка диний уюмдардын  жабылышы – туура чечим деп эсептейм. Элдин ден соолугу баарынан кымбат эмеспи», – дейт Рахман.

КМДБ болсо, азыркы тапта аралыктан иштеп жатат. Муфтияттын басма сѳз катчысы Максат Атабаев жыйындардын баары онлайн режимде ѳтүп жаткандыгын белгиледи.

«Совместно с местными властями мы продолжаем проводить разъяснительные мероприятия, распространяем информацию через социальные сети. Мечети были закрыты с 17 марта и с тех пор до стабилизации эпидемиологической ситуации сотрудники работают из дома», – рассказал Атабаев.

Анын айтымында, мечиттердин ишмердүүлүгүн токтотууга байланыштуу буйрук чыккандан бери диний ишмерлер тарабынан эч кандай эреже бузуулар катталган эмес. Ал эми мүчѳлѳрдүн ичинен бул эрежелерге баш ийбегендер болгон. 

Иллюстрациялык сүрѳт. Photo: CABAR.asia

Карантинди бузгандар

КМДБ тарабынан 23-мартта диний уюмдар жабылганына карабастан, ѳлкѳнүн бардык мечиттерине кишилер жума намазга барууну улантышкан.   

«Имамдар элге абал тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Динге ишенген жарандарга эл кѳп чогулган жерлерге барбоону, үйлѳрүндѳ болуп, жеке гигиеналык эрежелерди сактоолору керек экендигин айтып жатабыз», — деп билдиришти муфтияттан (24.kg алынган цитата).

Ошондой эле, ММКлар Бишкектеги мечиттердин биринин имамы ѳлкѳдѳ ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгенине карабастан, араб тилин окутуу курсуна элди чогултуп алганын жазып чыгышкан.

Апрелдин башында Нарын областынын эки тургуну март айынын экинчи жарымында  Ош жана Баткен областтарына дааватка барышканы белгилүү болгон. Кайтып келген соӊ, экѳѳ теӊ обсервацияга жаткырылып, коронавирус жугузгандары аныкталган.   

Ошол эле райондун дагы эки жашоочусу 15-мартта тѳрт айлык дааваттан келишкен. Белгилүү бир убакыт врачтардын кѳзѳмѳлүндѳ обсервацияда жатып, кийин үй карантинине чыгарылган. Бирок, аталган жарандар изоляция шарттарын бузуп, мечитке барып жүрүшкѳнү белгилүү болгон. 

Сейрек учурлар

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, 14-апрелге карата Кыргызстанда 3348 диний уюм катталган. Мекеменин жетекчисинин орун басары Закир Чотаев бул уюмдар менен дүйнѳ жүзү боюнча коронавирустун жайылышына байланыштуу абал оорлошо баштаган март айында эле тийштүү иш-чаралар ѳткѳрүлѳ баштаганын айтат. Мамлекеттик комиссия диний уюмдарга кудайга сыйынуу же башка максатта келген адамдардын санын кыскартуу багытында рекомендацияларды жиберген.     

Закир Чотаев. Photo: CABAR.asia

«Ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгенге чейин бир нече күн мурун диний уюмдар жабылып, ишин убактылуу токтотуп, келгендердин санын мүмкүн болушунча кыскарта тургандыгы жѳнүндѳ сүйлѳшкѳнбүз», – дейт Чотаев.

Бийлик тарабынан чаралардын күчѳтүлүшү менен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу багытында иштерди аткарууну уланткан. Чотаевдин айтуусу боюнча, ѳзгѳчѳ абал режими киргизилген шаарлар менен райондордо жайгашкан бардык мекемелер жабылган.   

«Ѳзгѳчѳ абал режими киргизилген мезгилден тартып, диний уюмдарга мындай режим киргизилгенде ишмердүүлүктѳрүн токтотуу зарыл экенин айтып, түшүндүрдүк. Диний уюмдар ишмердүүлүгүнүн убактылуу токтотулгандыгы тууралуу тийиштүү буйруктарды чыгарышкан», – деп билдирди Чотаев.

Анын айтуусу боюнча, диний уюмдардын иштѳѳсүнѳ чектѳѳлѳрдүн коюлушу жѳнүндѳ буйрукка каршы чыккандар да болбой койгон жок. Маселен, Ош областынан бир диний ишмер мекеменин жабылышына каршы чыккандыктан, кызматтан алынган.

«Ал адам ѳзгѳчѳ абал киргизүүгѳ байланыштуу талаптарга макул болбой койгон. Биз бул жагдайды кѳзѳмѳлгѳ алганбыз. Бул – режимдин эрежелерине баш ийбеген сейрек учурлардын бири. Эгерде, диний ишмерлер тарабынан мындай аракеттер аткарыла турган болсо, биз тийиштүү чараларды кѳрѳбүз. Бирок, бул жерде маселе режимдин эрежелерин сактабаган жарандарга кѳбүрѳѳк тийиштүү болуп жатат», – дейт Чотаев.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: