© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Авариялык абалдагы мектептер, аткаминерлердин мечиттери

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын берген маалыматына ылайык учурда Кыргызстанда катталып ишмердүүлүгүн журүгүзүп жаткан мечиттердин саны 2688, медресселердин саны 112, ислам багытындагы жогорку окуу жайлардын саны 10.

Ушундан улам «Кыргзстанда мечит ачуу оңойбу? Бул процесс кандай ишке ашат?» деген суроолор менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына кайрылдык. Мекеменин юристи Каныбек Ниязбаев мечиттерди ачуу процедурасы жана аларга коюлган талаптар тууралуу айтып берди.

Мечит – диний уюм

Мечиттерди ачуу боюнча мыйзамда каралган талаптар бар. Кыргыз Республикасынын жарандары Конституцияда каралган дин тутуу жана диний уюмдар деген мыйзамдагы талаптар боюнча мечит ача алышат. Мечит бизде диний уюмга кирет. Диний уюм 200 кишинин демилгеси менен ачылат. Ага керектуу документтер төмөндөгүлөр:

1.Эки жүз кишинин демилгеси нотариустан күбөлөндүрүлгөн болушу керек. Алардын ар биринин колу коюлушу шарт.

  1. Жергиликтүү кеңеш менен мечитти ачууну каалагандардын макулдашуусу керек.
  2. Мечитти ачууга арыз.
  3. Мечиттин жайгашкан жери.
  4. Мечитти ачуу жөнүндө чогулуштун протоколу керек.
  5. Ал мечит кайсы динди жайылтары туурлуу маалымат керек.
  6. Ал мечит техникалык жана санитардык талаптарга жооп бергендигин тастыктаган документ болушу керек.

Аталган документтердин төрт нускадан көчүрмөсү керектелет.

Негизги талаптар ушулар. Анан дин иштери боюнча комиссия документтерди карап чыгып, кандайдыр бир керектүү документтер керек болсо алар дагы алынат, шек жараткан жагдайлар болсо, тиешелүү органдарга экспертизага жөнөтүлөт. Жалпысынан бул процедуралардын баары 1-2 айга созулат.

Чет өлкөлүк жарандарга талап кандай?

Чет өлкөлүк жарандар же чет өлкөлүк диний уюмдун өкүлдөрү мамлекеттик дин иштери боюнча комиссияга кайрылып турушат. Аларга карата башка беренелер менен башка талаптар бар. Чет өлкөлүк диний уюм бизде миссия деп аталат, ал эми алардын өкүлү миссионер дер аталат. Аларга коюлган талаптар төмөндөгүдөй:

  1. Ал жактан жөнөткөн уюмдун каты болушу керек;
  2. Бул жактан кайсыл уюм чакырып жатса, алардан чакыруу каты болушу керек;
  3. Уюмдун анкетасы арызга тиркелиши абзел;
  4. Чакырган уюм менен жергиликтүү кеңештин макулдашуусу нотраиус аркылуу күбөлөндүрүшү шарт;
  5. Жөнөткөн уюмдун каты бизде нотариус аркылуу мамлекеттик же болбосо расмий тилге нотариус аркылуу которулган болушу керек;
  6. Анан кайсыл динди тарткатканы келгени тууралуу маалымат тапшырылат.

Бул жерде эске алуучу нерсе миссионерлерге ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө бир жыл убакыт берилет. Бир жыл убакыт өткөндөн кийин кайра каттоого келиши керек. Жыл сайын узартылат, бирок үч жылдан ашык убакытка уруксат берилбейт.

Миссияларга андай талаптар жок. Алар жыл сайын дин комиссиясына чет өлкөлүк донорлордон алган жардамдары тууралуу финансылык жана чарбачылык ишмердүүлүгү тууралуу жыл сайын 1-мартка чейин отчет тапшырып турушат. Анткени, алардын уставынын негизинде андай жардамдарды алганга укугу бар. Ошол боюнча аларды көзөмөлгө алабыз. Андан сырткары, уставы боюнча өздөрүнүн ревизиялык комиссиясы болот. Ошол аркылуу мыйзам чегине ылайык комиссия жүргүзүп турушат.

 

Атайын ачылган мамлекеттик банк эсеби бар. Мечит же чиркөө ачууда банкка барып 250 сом төлөшөт. Ал, албетте, мамлекеттик казынага түшөт. Анан квитанциясын бизге алып келишкенде, көчүрмөсүн алып калабыз”,-дейт юрист.

Дин эркиндиги баарына бирдей тарайт

Кыргыз Республикасынын жарандарына мечит ачууга, өз динин тутунууга жана таратууга Баш мыйзам каршы чыкпайт. Бирок, эгерде мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү кызматтык абалынан пайдаланып, саясий максатты көздөп мечиттерди ачууга аракет кылса, мыйзам ага тыюу салат. Ал эми жаран катары каалаган динди тутунуп, аны таратуу анын укугу.

Ошондой эле мечитке мындай талап, чиркөөгө тигиндей талап деп мыйзамда бөлүүгө жол берилбейт. Кыргызстандагы баардык диний конфессияларга бирдей карайбыз. Баарына коюлган талаптар бирдей”,-деп билдирди Каныбек Ниязбаев.

Каттодон өтпөй динин таратып, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюмдар мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат. Жаңы кабыл алынган кодекс боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Азыркы таптагы мыйзам боюнча жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сом айып пул салынат.

Бир облусту бир киши көзөмөлдөйт

Кыргыз Респуликасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын атайын диний уюмдар менен иштеген бөлүмү бар. Алар мониторинг жүргүзүп турушат. Бишкек шаарында ар бир районду тейлеген кураторлор бар.

Тилекке каршы, башка облустарда бирден эле өкүлчүлүгүбүз бар. Бир кишинин бир облусту көзөмөлдөшү оор албетте. Бирок, ага карбастан алар ар бир район менен, жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен иштешет”,-дейт эксперт.

Кимдер мечит ача албайт?

 

-Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар;

-Буга чейин сот аркылуу жоюлган диний уюмдар;

-Талаптарга жооп бербеген документтерди тиркеген болсо.

Ошолордун баары изилденгенден кийин катоодон өттү же өтпөдү деген жооп берилет. Эгерде өтпөй калса эмне үчүн өтпөй калгандыгын кат жүзүндө түшүндүмө берилет.

Авариялык абалдагы мектептер, аткаминерлердин мечиттери

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-сентябрдагы Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө мечиттердин санынын көптүгүн жакшы көрсөткүч деп баалаган:

“Кыргызстанда мечиттердин саны мектептерден көп. Бул жакшы көрүнүш. Мечиттер канчалык көп болсо, ошончолук ыймандуу жаштар көп болот. Медреселер канчалык көп болсо, ошончолук абийирдүү жаштар көп болот”,- деп айткан өзүнүн сөзүндө президент. Бирок мамлекет башчынын бул сөзү сын-пикирлерге туш болгон.

Ошол эле учурда жалпы мектердин саны 2262, колледждердин саны 145, жогорку окуу жайлардын саны 64.

“Булан” институнун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык Кыргызстандын 193 мектеби авариялык абалда турса, алардын 56сы Ош облусунда. 29-январда Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылында 4-класстын 18 окуучусу менен мугалими көмүрдүн исине ууланып, ооруканага түшүшкөн. Окуучулардын үчөөсү жандандарыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийин палатага которулган. Аталган мектеп эски болгондуктан ар бир класска меш коюлуп, көмүр менен жылытылат. Аталган мектепти 2008-жылы эле авариялык абалда деп таанылган. Бирок, оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

 

Жогоку Кенештин депутаты Улан Примов жыйында бул маселеге кайрылып, авариялык абалдагы мектептер жөнүндө депутаттарга эстетти:

Мына эми балдар көмүрдүн исине ууланып, ооруканага түшүп отурушат. 21-кылымда жашап жатып дагы, мектептерди көмүр менен жылытабыз. Анан дагы жаңы технологиялар жана санариптештирүү жөнүндө сөз кылып коебуз”,-деди депутат.

Ал эми Жогорку Кенештин айрым депутаттары айылы үчүн куруп берген мечиттери менен мактанышат.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев өзүнүн туулган айылы Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнө мечит куруп берген. Ал эми ЖКнын дагы бир депутаты Калдарбек Беймуратов дагы өзүнүнүн айылына иниси менен чогуу 2000 кишилик мечит куруп беришкен. Дагы бир эл өкүлү Дүйшөн Төрөкулов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Октябрь айылына мечит жана медресе курган.

 

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 7-апрель шейиттери аталышында мечит курулган. Ал үчүн Атамбаев 90-жылдардан бери ээлик кылган жер тилкесин берген.

Мечит курган эл өкүлдөрү четтен саналат. Бирок мектеп курган саясатчыны билбейт экенбиз.

Макаланын орусча варианты шилтемеде.

Ырысбү Кылычбек кызы – IWPRдын “Дин темасын эл аралык стандарттар боюнча чагылдыруу” тренингинин катышуучусу.

Политклиника

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: