© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Ыйык китептин кишилери». Кыргызстандагы адвентисттердин жашоосу кандай?

Кыргызстанда Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнүн 23 коому бар. Булардын 6 коому Бишкекте жайгашкан. Башкы сыйынуу үйү баш калаанын  чет жагында орун алып, республика боюнча адвентисттердин диний борбору деп эсептелет.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


English На русском

*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган cabar.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

 «Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнүн түштүк конференциясы» Кыргызстандын аймагында расмий түрдѳ 1997-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Бирок, ѳлкѳдѳгү алгачкы коом 1903-жылы Орловка айылында пайда болгон. Аны Кыргызстанга репрессияланган немецтер негиздеген. Пастор Роман Алексейкиндин айтуусу боюнча, аталган биринчи коом азыркы учурда жок. Себеби, этникалык немецтер Германияга кѳчүп  кетишкен. 

Бүгүнкү күндѳ Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүндѳ болжол менен 700 мүчѳ бар жана булардын үчтѳн бир бѳлүгүн жаштар түзѳт,  – дейт  Алексейкин. Негизинен чиркѳѳгѳ европа улутундагы жарандар, ошондой эле аралаш үй-бүлѳлѳрдүн мүчѳлѳрү келишет. Коомдун мүчѳлѳрүнүн арасында этникалык кыргыздар, корейлер, ѳзбектер жана татарлар да бар. 

Адвентисттер үчүн ишемби – ѳзгѳчѳ күн. Бул күнү алар иштешпейт жана окушпайт. Библияга ылайык, ишемби –  алар үчүн тынчтык жана эс алуу күнү. Динчилдер Кудайга табынуу үчүн  Сыйынуу үйүнѳ келишет. 

Чиркѳѳнүн ѳзүндѳ иштеген дин кызматкерлери күн сайын сыйынып турушат

Игорь Литвинов:

Игорь Литвинов. Жеке архивден алынган сүрѳт

— Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүн башкалардан айырмалап турган эӊ негизги ѳзгѳчѳлүк – Иса пайгамбардын келүүсү тууралуу үгүт. Диндин негизин сѳзсүз түрдѳ 10 парздын аткарылышы түзѳт. Адвентисттерди Ыйык китептин кишилери деп да аташат.

Биз жубайым экѳѳбүз 1995-жылы 30 жаш курагыбызда  чокунууну кабыл алганбыз. Ага чейин Советтер Союзунун жараны катары, атеист болчумун.

Жетинчи күн адвентисттери болгон тааныштарым биздин жерибизге жаш дин кызматкерин жиберишкен. Биз ага жолугушууларды ѳткѳрүү үчүн жай табууга жардамдашып жүрдүк. Убакыттын ѳтүшү менен достошуп калдык. Ошентип, Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнѳ келип калдым.

Жубайым экѳѳбүз жыйналыштарга катышып жүрүп, чокунууну чечтик. Бирок, менден кайсы диний ишенимден экендигимди сурашканда, дайыма биринчи ирет христианмын деп айтам.

Адвентизм 1830-жылдары АКШда пайда болгон. Анын негиздѳѳчүсү диний үгүттѳѳчү  Уиль­ям Мил­лер болгон. Бул диний агым Иса пайгамбардын экинчи жолу келүүсүнѳ ишенген адамдарды бириктирет (лат. «adventus» — «келүү»). 

Жетинчи күн адвентисттери  – протестанизмдин бутактарынын бири болуп саналат. Алар диний ишеним менен жашоонун жалгыз бир эрежеси катары Библияга таянышат, ишемби күндү ардакташат жана 10 парзды так аткарышат, Мындан тышкары, саясий жашоого катышат, бирок курал алып жүрүү жана колдонууга каршы мамиледе.

Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнүн жаӊы мүчѳлѳрүн чокундуруу иш-аракети ѳткѳрүлѳ турган бассейн. Photo: cabar.asia

Роман Алексейкин, пастор:

— Алгачкы жолу жакын адамым бул дүйнѳ менен кош айтышканда, мен 8 жашта элем. Чоӊ апам алча терип жаткан. Тепкичтен жыгылып кетип, бир аз убакыт дарыланган соӊ, каза болуп калды. Ошондо биринчи жолу  менде «Адамдар эмне үчүн ѳлѳт?» деген суроо жаралды. Бул суроого кѳп убакыт бою жооп таба албай жүрдүм. 28 жашка чыкканда гана мунун жообун билдим.  

Роман Алексейкин. Фото: cabar.asia

«Библия ушундай деп айтат» аттуу програмага катыша баштадым. Ал жерде жер жүзүнүн жаралышы жѳнүндѳ аӊгемелер айтылчу. 1998-жылдын 20-декабрында болсо, чокунууну кабыл алдым. Ал эми жубайым менден кийин бир жыл ѳткѳн соӊ кабыл алды. Балдарыбыз да 15-16 жаштарында ѳз каалоосу менен  чокундурулган.

Биздин динде үй-бүлѳ күтүүгѳ тыюу салынган эмес. Биз кадимки эл сыяктуу эле   Жаӊы жыл, 8-март жана 23-февраль майрамдарын белгилейбиз.  Динибиздин бир айырмачылыгы – ар бир квартал сайын «Вечеря господня» (Кудайдын кечки тамагы) (православие дининде — «причастие») аттуу атайын майрамдын белгилениши. Мында ар бир катышуучу ачыткысы жок бышкан нандан бир тилим жана бир стакан таза жүзүм ширесин алат. Майрам айдын башында же ортосунда ишембилик кызмат учурунда ѳтѳт.

Мындан башка, жайдын аягында күздүн башында түшүм майрамын жана мектеп окуучуларына окуу жылынын башталышына байланыштуу бата берүү майрамын  белгилейбиз.

Биз сүрѳткѳ сыйынбайбыз жана денебизге крест такпайбыз. Биз Жараткан Кудайга табынып, жер жүзүнүн куткаруучусу Иса пайгамбарга ишенебиз, баарыбызды Кыямат күнү күтүп тургандыгын билебиз, тамеки чекпейбиз, алкоголдук ичимдиктерди ичпейбиз жана сергек жашоо образын жүргүзѳбүз.

Ишемби күнкү кызматтар ѳтѳ турган жай

Токмок шаарында Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсү мурунку балдар үйү   жана азыркы «Наследие» жалпы билим берүү мектебинин түзүүчүсү болуп эсептелет. Роман Алексейкиндин айтуусу боюнча, мектеп окуучулары дин таануу сабагын ѳтүшѳт жана сабакта башка конфессиялардын диний эрежелери менен да тааныша алышат.

Ошону менен бирге эле, чиркѳѳнүн алдында ден соолук, жаштар жана билим берүү бѳлүмдѳрү иштейт Алар ар түрдүү иш-чараларды ѳткѳрүп, ишембиликтерди уюштуруп турушат. 

Константин Горский, 23 жашта:

Константин Горский. Жеке архивден алынган сүрѳт

— Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнѳ келгенден мурун үй-бүлѳмдѳ кайгылуу окуя болуп ѳттү. Мен апамдан ажырап калдым. Мындай оор окуядан улам туӊгуюк абалга түшүп, эмне кылышты билбей калдым. Ал учурда 17 -18 жашта элем. Кѳп учурда жалгыз отуруп, жалгыз сейилдечүмүн. 

Жетинчи күн адвентисттеринин чиркѳѳсүнѳ апамдын курбусу ээрчитип келди. 2-3 жыл бою Бишкек шаарында кызматтарына барып жүрдүм. Бирок, буга олуттуу мамиле кылган эмесмин.

Чиркѳѳдѳн биздин пресвитер Вася байкенин жыгач устаканасына жумушка алуусун ѳтүндүм. Кийин болсо, дал ушул киши мага устат жана үлгү болуп калды. Чиркѳѳнүн толук кандуу мүчѳсү болгонго чейин туура жашоо образын жүргүзчү эмесмин, мүнѳзүм да оор болуп, тез эле ачууланып кетчүмүн. Вася байке абдан жѳнѳкѳй киши, ошол эле учурда ѳзүнүн коомунда лидер болуп жүрчү. Кѳрсѳткѳн үлгүсү менен, ал мени  жашоомдо бир нерсени ѳзгѳртүү керек деген ойго түрттү.   

Белгилүү бир убакыт ѳткѳн соӊ, ѳзүмдүн жакшы жакка ѳзгѳргѳнүмдү түшүндүм. Андан кийин ата-энем да байкады. Албетте, алар менин кайда барып жатканымды, эмне менен алек экенимди сурап жатышты. Бирок, мендеги ѳзгѳрүүлѳргѳ кубанып, мага эч кандай тоскоолдук жаратышкан жок. Чоӊ апам – Советтер мезгилинен бери атеист. Ѳгѳй атам Кудайдын бар экендигине ишенет. 

Кѳп убакыттан бери чогуу жүргѳн досторум тандап алган диниме каршылык кѳрсѳтүшкѳн жок жана эч качан бул боюнча тамаша кылышкан эмес. Алкоголдук ичимдиктер бар отуруштарда мен дасторконго отурбашым керек. Себеби, ичибизде азгырык пайда болот. Ушуга чейин алардын эч кимиси мени ишенимден тандырууга аракет кылган эмес жана ар дайым мага сый-урмат менен мамиле кылып жүрүшѳт.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: