© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Жаныңдагыларга кулак сал». IWPR Кыргызстандын динчил аял-лидерлери үчүн тренинг өткөрдү

IWPR биригүүнүн жаңы жолдорун табуу менен, «Борбор Азиядагы туруктуулук ачык диалог аркылуу» долбоорунун алкагында динчил аял-лидерлерди ар тараптуу өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барууда.

Русский  English


Биз көп учурда диний лидерлерди окутуу дин маселелерине негизделиш керек деп ойлойбуз. IWPR дин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү мындай стереотиптерди бузууда. Бул жолу Бишкекте экстремизмге каршы туруу тууралуу лекциялардын ордуна өлкөнүн түрдүү диний жамааттарынын аял-активисттери үчүн социалдык түйүндөрдө альтернативалуу нарративди жайылтуу боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү.

Ал кандай өтмөк?

Ал беш баласын жана таңданган күйөөсүн бетинен өөп, сабакка жөнөдү. Колу бош эместигине жана үйдөгү жумуштарга карабастан, келечектеги блогер наамына талапкер аял өз максатын даана көрүп турган, ал максат – такай өнүгүү жана алга умтулуу.

Ал бардыгына кантип теологиялык билим алганын, араб тилин үйрөнгөнүн эргүү менен баяндап, жумуштагы шарт-абалды сүрөттөп берди. Күтүлбөгөн жерден ага башка бир катышуучу кошулду. Бири бирине жылмая карап, алар диалогду улантышты. Ушул учурда бахаи жамаатынын өкүлдөрү болгон аялдар машыктыруучулар менен таанышып, окутуудан алган маалыматтар өздөрү үчүн пайдалуу болот деген үмүттөрүн билдиришти.

Катышуучу аялдардын саны 18 эле. Кулк-мүнөзү, жаш-курагы жана иштеген иши жагынан ар түрдүү аялдар өздөрү үчүн диний маселелер жана дин тутуу эркиндиги тууралуу позитивдүү нарративди жайылтуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында биригишти.

Эмнени үйрөнүштү?

Тренингдин биринчи күнү анын катышуучулары практикалоочу блогер, IWPRдин жаңы медиалар боюнча аймактык долбоорунун координатору Бегайым Ажикеевадан инсандык брендди алып баруу жана жайылтуу боюнча сунуштарды алышты.

«Мындай шыктандыргыч, эмгекчил, суроо бергенден коркпогон жана жаңы билимдерди бат сиңирип алган аялдардын тобу менен иштөө абдан жагымдуу болду», – деп өз таасирлерин билдирди машыктыруучу.

 

 

Андан соң катышуучулар өз көндүмдөрүн IWPRдин социалдык түйүндөрдө профилди жүргүзүү боюнча PR адиси Диана Нагай менен бирге иш жүзүндө көрсөтүп, эл алдында болуунун психологиялык жана этикалык жактары тууралуу билимдерге ээ болушту. Социалдык түйүндөрдө жагымдуу профиль түзүүнүн негизги инструменттерин аныкташты, мында негиз катары инстаграм алынды.

Ал эми күндүн акырында катышуучулар социалдык түйүндөр үчүн өздөрүнүн алгачкы видеолорун тартышты. Экинчи күнү болсо алардын кемчиликтери менен нюанстарын IWPR дин Борбор Азиядагы координатору, фото жана видеотартуу боюнча машыктыруучу жана продюсер Жазгүл Ибраимова менен бирге кылдат талдоого алышты. Ал катышуучуларга тартууга даярдыктын этаптары жана видеону монтаждоо үчүн тиркемелер тууралуу айтып берди.

Диана Нагай, IWPRдин Борбор Азиядагы PR адиси: Көнүмүш диний контексти жок тренинг аларга консолидация үчүн көп өбөлгө бергени кызыктырды. Катышуучулардын ар бир диндин өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашуусуна байкоо салуу да абдан кызык болду. Тапшырмалардын ортосундагы ар бир бош мүнөттү алар бири бири тууралуу көбүрөөк билүүгө жумшап жатышты»

Автордук телепрограмманын алып баруучусу Айжан Казакбаева катышуучуларга камеранын алдындагы коркуу менен толкундоону кантип жеңүү тууралуу жана натыйжалуу, кызыктуу видеолорду кантип тартуу керектиги тууралуу айтып берди. Спикер камеранын алдында иштөөдөгү негизги жаңылыштыктар тууралуу айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал катышуучулардын алгачкы видеолорун кыйла жогору баалап, аларды андан да жакшыртуу боюнча өз сунуш-кеңештерин берди.

IWPRдин «Борбор Азиядагы туруктуулук ачык диалог аркылуу» долбоорунун координатору Ильхам Умарахуновдун сессиясында катышуучулар зордукчул экстремизмдин алдын алуудагы альтернативалуу нарративдин ролун кылдат талдоого алышты. Ошондой эле калк арасында радикалдашуунун негизги себептери менен факторлору боюнча түшүнүккө ээ болушту.

Кандай таасир алышты?

«Мутакаллим» Аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы тренингден кийин анын командасы дин тутуу эркиндигине болгон укуктарды жана диндеги аялдардын укуктарын Sisters медиадолбоору жана жеке блогдор аркылуу жайылтуу үчүн социалдык түйүндөрдү пайдалана тургандыгын баса белгиледи.

«Эң сонун тренинг үчүн рахмат! Мен үчүн бардыгы ары жаңы, ары пайдалуу болду. Мен «WhatsApp», түйүнүнөн башка социалдык түйүндөрдү колдончу эмесмин, кечээ болсо Instagramдан баракча ачтым, башкалар менен бөлүшө турган нерселерим бар экенин түшүндүм», – деп тренинг тууралуу өз оюн Орус православ чиркөөсүнүн өкүлү Ирина Полищук билдирди.

«Теорияны үйрөнүү жана параллель түрдө практикалык тапшырмаларды аткаруу, алган билимдерди дароо колдонуу, аларды иш-аракетке айлантуу пайдалуу болду. Практикалап жүргөн машыктыруучуну – дикторду чакырышканы, анын сунуш-кеңештери жакты», – дейт Бахаи жамаатынын мүчөсү Малика Куртанбаева.

DSC03135
DSC03146
DSC03157
DSC03169
DSC03192
DSC03197
DSC03202
DSC03256
DSC03285
DSC03297

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: