© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Орус православ чиркөөсү аялдар үчүн кризистик борбор ачты

Бишкекте Орус православ чиркөөсүнүн имаратында кош бойлуу аялдар үчүн кризистик борбор ачылды. 

English На русском


Подпишитесь на нас в Twitter


Борбор чиркөөнүн аймагындагы имараттардын биринде орун алып, төрт ымыркайга жана алардын апаларына ылайыкташкан.  

Photo: CABAR.asia

Апаларга  арналган бөлмө жаңы ремонттолуп, чоң жана ыңгайлуу, төрт секцияга бөлүнгөн. Ар биринде  керебет, ымыркай үчүн бешик жана зарыл буюмдар салынган тумбочка бар. Секциялардын биринде  алты айлык София апасы Ольга менен орун алды:

Ольга кызы София менен. Photo: CABAR.asia

– Мен төрөгөнгө чейин эле күйөөм менен ажырашып кеткем. Кайын энем менен күйөөм аларга баланын кереги жок экенин айтышты.  Айлам кеткенде, боюмдан алдырып салайын деп бир нече жолу ойлондум, бирок анткенге эрким жетпеди. Өзүмдүн үйүм жок, бара турган жерим да жок эле.

Кош бойлуу кезимде  батир жалдап, наабайканага жумушка орноштум. Бирок ал жерде жумуш оор экенин билесиздер да: мештер абдан ысык, камырды ары-бери ташыш керек, ал аз келгенсип, жарыбаган акы төлөшчү. Кыйналып кеткенде,  ал жерден кетип калдым. 

Андан кийин тигүү цехине ишке орношуп, тактай жууп кошумча да иштей  баштадым. Бирок тапкан акчам же батирге төлөгөнгө, же азык-түлүк сатып алганга эле жетчү.  Ошондуктан мен бул жерге, чиркөөгө кайрылдым. Адегенде алар азык-түлүктөн жардам беришти, барган сайын улам-улам кыйын боло баштаганда, батир акысын төлөгөнгө да жардам берүүнү сурандым.  Эгер төрөгөнгө чейин өзүм эптештирип турсам, төрөгөндөн кийин бул жакка алып келе алышарын айтышты.

Төрөтканадан чыкканда ырайымдуу эжекелер менен атабыз өзү мени бул жерге алып кетишти. Алты айдан бери  ушул жердемин.  3-июнда кризистик борбор ачылган, мен чиркөө менен бир айга келишим түздүм. Бир айдан кийин же келишимди бузушум керек, же жаңысын түзүшүм керек.  Эгер ал-абалы меникинен оорураак болгон башка бир апа келсе, орун бошотуп берүүгө туура келет.

Балдар үчүн чыдашат

Аялдар үчүн кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы Толкун Тюлекованын маалыматы боюнча, Кыргызстанда бардыгы  14 кризистик борбор иштейт. Алардын экөө Бишкекте, калгандары аймактарда жайгашкан.  

«Жылына, орточо алганда, кризистик борборлорго ар түрдүү жардам, кеңеш сурап 7 миңге жакын аялзаты кайрылат. Алардын көбү – негизинен, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун курмандыктары. Ошондой эле кош бойлуу болуп калса, ата-энеси үйүнөн кубалап чыккан кыздар,  ала качууга, зордуктоого дуушар болгондор кайрылышат. Үй-бүлөлүк зомбулукка, зордуктоого кабылган аялдар  жардам сурашат», – дейт Тюлекова.

Photo: CABAR.asia

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, жылына, орточо алганда, бир жарым миңдей аялзаты үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактылары боюнча соттук-медициналык бөлүмдөргө  кайрылышат. 2017-жылы бул көрсөткүч 1 миң 172 болсо, 2018-жылы 1 миң 305ти түзгөн.

2017-жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркаган 1 миң 404 аял медициналык мекемелерде дарыланса, өткөн жылы бул көрсөткүч 970 аялды түзгөн.

«Сезим» кризистик  борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтканына караганда,  үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдардын көпчүлүгү көмөк көрсөтүү борборлоруна да, укук коргоо органдарына да кайрылышпайт.  

«Бизге келген аялдар балдары үчүн гана күйөөлөрү менен жашап жүрүшкөнүн айтышат. Алардын көпчүлүгү кайра күйөөлөрүнө  кетишет. Ал эми алардын балдары ошондой жүрүм-турум моделдерин кабылдап алышат да, кийин ата-энелериндей болуп чоңоюшат», – дейт Рыскулова.

Кыргызстандын аймагындагы бардык борборлор мамлекеттик эмес болуп саналышат. Өткөн жылы гана аларга мамлекеттик социалдык буйрутмадан жылына 300-600 миң сомдон бөлө башташты. Бөлүнүүчү сумманын көлөмү кызматкерлердин санына жараша болот. Толкун Тюлекованын айтуусу боюнча,  бир кризистик борборго болжолдуу түрдө 30 миң сом  туура келет.  

«Надежда» оор ахыбалда

Эреже катары, Кыргызстандагы кризистик борборлор зордук-зомбулукка дуушар болгондорго психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүшөт. Жакынкы мезгилдерге чейин эки борбордо гана  убактылуу жашап турганга мүмкүнчүлүк берилчү: алардын бири Ошто, экинчиси Бишкекте жайгашкан эле.  

Елена Иванова. Photo: CABAR.asia

Эми борбор калаада аялдар үчүн «Надежда» кризистик борбору пайда болду. Православ чиркөөсүнүн  алдындагы социалдык бөлүмдүн жектечиси Елена Иванованын айтуусуна караганда,  алар адегенде кары-картаңдар үчүн жай ачууну  пландашкан, бирок кийин турмуштук кыйын кырдаалга дуушар болгон кош бойлуу аялдарга жардам көрсөтүүнү чечишкен.

«Бирок мында биз өзүбүзгө аялдын бардык көйгөйлөрүн чечүү милдетин албайбыз. Аял көйгөйлөрүн биздин жардамыбыз менен, бирок өзү чечкенге багыт бергенге аракет кылабыз.  Баш калкалоочу жайда жашаган ар бир апа үчүн анын психологиялык, эмоциялык абалын эске алуу менен,  реабилитациялоо боюнча жекече программа түзүлөт», – дейт Иванова.

Бул кризистик борбордо муктаж болгондордун бардыгын тутунган динине карабай  кабыл алышат. Зарыл болсо, аялга медициналык жардам көрсөтүшөт жана баланы багууга үйрөтүү боюнча атайын программаны окутушат.  Орундардын саны чектелген – болгону төрт гана орун, аларды көбөйтүү боюнча чиркөөнүн планы жок. Иванованын айтканына таянсак, алардын милдети – бара турган жери жок белгилүү бир сандагы аялдарга сапаттуу жардам көрсөтүү.  

Бирок кризистик борборлорду түзүп коюу көйгөйдү чечүү үчүн жетишсиз дешет эксперттер. 2003-жылы Кыргызстанда  «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык,  үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өзүнчө укук бузуу катары таанылып,  коргоо ордерлери системасы киргизилген, бирок ал иш жүзүндө иштеген эмес.  

 2017-жылы  «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген.  Жаңы документ милицияны  үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук тууралуу ар бир маалыматка  реакция кылууга жана коргоо ордерин берүүгө милдеттендирген. Ордер агрессордун курмандыкка жакындоосуна тыюу салат жана үч күндөн бир айга чейинки мөөнөт үчүн жарактуу болот.  

«Кагазда баары сонун, ал эми иш жүзүндө мыйзамдар аткарылган жери жок», – дейт Бүбүсара Рыскулова. Анын пикиринде,  үй-бүлө институтуна бала бакча жана мектептен баштап эле мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл.  

«Маселен, мектептерде социалдык педагог бар, бирок  башка предметтердин мугалимдери эле соцпедагог болуп алганын көрүп жүрөбүз.  Мамлекет үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун ар бир учуру үчүн жоопкерчиликке ээ, ошондуктан ал мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуусу зарыл», – деп белгилейт Рыскулова.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.