© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Арастун Оруджлу: Сириядан кайтып келгендер менен иштѳѳ боюнча Борбордук Азиянын тажрыйбасы Азербайжан үчүн пайдалуу

«КМШ ѳлкѳлѳрүнүн Сирияда, Иракта жана Афганистандын бир бѳлүгүндѳ согушуп жаткан радикалдуу топторго катышуусу – КМШ мамлекеттеринин жалпы кѳйгѳйү.  Биргелешкен аракеттер бул кубулушка каршы, жалпы эле терроризм менен күрѳшүүнү кыйла жеӊилдетмек», – деп билдирди коопсуздук маселелери боюнча азербайжандык эксперт, Азербайжан Улуттук коопсуздук министрлигинин мурунку офицери жана «Чыгыш-Батыш» изилдѳѳ борборунун башчысы Арастун Оруджлу CABAR.asia үчүн берген маегинде.  


Биздин Facebook баракчабызга жазылыӊыз!


Арастун Оруджлу. Photo: turan.az

CABAR.asia: Борбордук Азия ѳлкѳлѳрү белгилүү бир убакыт мурда Сирия жана Иракка согушка кеткен жарандары – жоокесептеринин ѳздѳрү да, алардын үй-бүлѳлѳрү да – балдары, аялдары учурда кайра кайтып келип жаткандыгы менен байланышкан кѳйгѳйгѳ дуушар болууда. Коомдо алардын кайтып келүүсү үчүн жардам берүү керекпи, мындай абал коом үчүн канчалык коркунучтуу экендиги, келгендер мекенинде деструктивдик идеяларды жайылтып-жайылтпай тургандыгы жѳнүндѳ талкуулар жүрүп жатат. Азербайжандын маалымат мейкиндигинде бул тема сейрек кездешет. Сиздин оюӊуз боюнча, ѳлкѳ үчүн теманын актуалдуулугу кандай жана келечекте актуалдуу болуп калышы мүмкүнбү?

Арастун Оруджлу: Сирия менен Ирактагы террористтик топтордун ичинде азербайжандыктар да бар экендигин беш жыл мурун алгачкылардан болуп мен жазып чыккам, ал тургай 800дѳн 1200 кишиге чейин деп болжолдуу санын дагы кѳрсѳткѳм. Мындай маалыматты «Spiegel» немис журналында эмгектенген журналист жолдошторум менен кызматташуунун натыйжасында алган болчумун.

«Spiegel» – Эркин Сирия армиясынын эми Сириянын армиясы эмес, 90%ы башка ѳлкѳлѳрдѳн Сирия менен Иракка алып келинген террористтерден тургандыгын жазып чыккан алгачкы басылма.

Ал учурда расмий бийлик мени душманча кабыл алып, бийликке караштуу уюмдардын ѳкүлдѳрү мамлекетке шек келтирип жатасыӊ деп күнѳѳлѳп, ал тургай акарат кылышкан. Бирок, эки жыл ѳткѳн соӊ, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын ошол мезгилдеги жетекчиси Мадат Гулиев болжол менен ошол эле санды – 900-1200 киши деп расмий жарыялады.

Бул боюнча макала жазып, мындай адамдар мамлекет үчүн чоӊ коркунуч жаратуусу ыктымал экендигин белгилеп, алардын ѳлкѳгѳ кайтып келүүсүнѳ жол берилбеш керек деген сунушту билдиргем. Алдын алуунун эӊ жѳнѳкѳй жолу – аты-жѳнүн тактап, паспортторун жокко чыгаруу.

Аларды кантип аныктоого болот? Кѳпчүлүгү Сирия менен Ирактын аймагына мыйзамсыз кирип жатпайбы? Ал эми уламыштар боюнча, башка мамлекетте, мисалы үчүн Түркияда иштеп жүрүшѳт да?

Атайын кызматтардын мурунку офицери катары муну айта алам – бир эле булакты таап, ал аркылуу ѳлкѳдѳгү жоокесептердин 70-80% тууралуу маалымат алууга болот. Бул процессти мен тереӊ изилдеп чыктым, бир нече жыл мурун ишенимдүү кишилер аркылуу Сирияга барып калган, бирок алдамчылыкка алдыргандарын дароо түшүнгѳн азербайжандыктарга чыгуунун жолун таптым. Ал жакта экстремисттер кылган, айрыкча тынч жаткан элге карата жасаган  зѳѳкүрлүктү кѳрүп алып, биротоло кѳӊүлдѳрү калганы маалым.

Согуш жерлеринен кайтып келүү ѳтѳ эле кыйын, себеби дезертирлерди эч качан кечиришпейт жана качуу аракетине шек жаралган алгачкы учурда эле жок кылып салышат. Мен аман калган бир нече азербайжан менен аӊгемелештим. Сириядагы террористтик топтордо кишилерди этностук курамы боюнча чогултат экен – советтик ѳлкѳлѳрдүн жарандары бирге согушушса, азербайжандар Түркиянын топторуна кошула алат экен.

Ал жерде бир нече ай согушуп келген жоокесептер бул тармактын кандайча иштегендиги, кишилер ѳлкѳнүн кайсы аймактарынан келээри жана кайсы топтордун курамында согушкандыгы тууралуу жакшы билишет. Ал эми Түркияда иштѳѳ жѳнүндѳгү уламыштарга келе турган болсок, муну Түркиянын бийлиги кызматташууга макул болсо, биргелешкен аракеттер аркылуу тез эле аныктап коюуга болот.  

Сириянын казаны кѳп мамлекеттердин кызыкчылыктары кагылышкан, эл аралык эрежелер куру талаага кеткен мейкиндикке айланып калган. 2015-жылы Анталияда ѳткѳн G20 саммитинде РФ президенти Владимир Путин Россиянын маалыматы боюнча [террористтик уюм] «Ислам мамлекетинин (ИГИЛ)»  (Борбордук Азия мамлекеттери кошулуп, дүйнѳ жүзүнүн бир катар ѳлкѳсүндѳ тыюу салынган террористтик уюм – ред.түш.) пайда болуусунда 40 ѳлкѳнүн салымы бар экендигин билдирген жана анын бул айткандары туура эле.

Менин оюмча, аларды түрмѳлѳргѳ отургузуу – эӊ эле туура эмес чара. Себеби, камакта отурганда ушундай эле үгүт иштерин жүргүзүүнү улантышат. Ал эми мындай жерлерде отурган нааразы контингенттин ичинде бул ишти аткаруу абдан эле оӊой. Азыркы учурда ушундай эле болуп жатпайбы.

Сирия жана Иракта ѳлгѳн жоокесептердин аялдары менен балдарын эмне кылуу керек?

Балдар – таптакыр башка маселе. Алар кайтарылып келип, согуш жерлеринде дуушар болгон психологиялык жабыркоолорун эсепке алуу менен мамлекет тарабынан ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурулуп, кам кѳрүлүүгѳ тийиш. Туугандары сыяктуу эле, балдар ата-энесинин жасаган кылмышы үчүн жооп бербейт.

Аялдар боюнча маселе кыйла татаалыраак. Бул аялдар үйдѳ отуруп,  балдарын чоӊойтуп, аскерлерди багып, аларга кам кѳргѳнү башка нерсе. Ал эми кѳп учурда аялдар да террористтик иш-аракеттерге катышып, атайын даярдыктан ѳтүп турушат. Албетте, бул жерде ар бирине жекече мамиле талап кылынат. Кылмыш үчүн бириктешкен жоопкерчилик болбойт.

Бирок, бул жерде Азербайжанда кылмыштарды иликтѳѳ системасы канчалык деӊгээлде ѳнүккѳндүгү тууралуу суроо жаралат. Кѳп учурда полициянын да, атайын кызматтардын да ѳздүк курамынын деӊгээли ѳтѳ эле тѳмѳн. Алар жекече иликтѳѳ жүргүзгѳн учурда дагы потенциалдуу коркунуч жараткан кишилерди аныктоого күчү жетпейт. Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн системалары Азербайжандыкынан олуттуу даражада айырмаланып турат деп ойлобойм. 

Экинчи жагынан, коомдун белгилүү бир бѳлүгү аларды башкалар сыяктуу  эле республикасынын жараны жана мамлекет аларга жардам берүүгѳ милдеттүү деп эсептейт…

Формалдык түрдѳ мамлекет ар бир жаранына кам кѳрүүгѳ тийиш. Мамлекеттин эӊ негизги милдети – кайсы жерде болбосун,  кылмышкер болсо дагы – ѳз жарандарын коргоо. Бирок бул жарандар террористтик уюмга кызмат кылуу үчүн аӊ сезимдүү түрдѳ барышкан, алар адам ѳлтүргѳн, алар үчүн эл аралык террористтик тармак, курал-жарак, методология жеткиликтүү. Алар абдан коркунучтуу адамдар.

Күнѳѳсү далилденип, камакка алынгандар менен кылдат иш алып барылышы керек. Мындай кылмышкерлер камакта отургандардын негизги бѳлүгүнѳн обочолонуп, 24 саат бою кѳзѳмѳлгѳ алынууга тийиш. Булардын психикасы катуу жабыркап калган. Жалпысынан алып караганда, мындай адамдар жасаганын кайра кайталоого даяр болушат.

Ал эми бизде алардын психологиялык жактан калыбына келүүсүн камсыздай турган психологдордун кызматы барбы? Мамлекеттин мындай адамдар менен реабилитациялык иштерди жүргүзүү боюнча жетиштүү тажрыйбасы жана билими азырынча жок. Муну ишке ашырууга карата ниети менен түшүнүгүнүн жоктугу ѳтѳ эле ѳкүнүчтүү.

Терроризмге каршы күрѳшүү чѳйрѳсүндѳ Азербайжан менен Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн ортосундагы кызматташтык канчалык деӊгээлде ѳнүккѳн деп айта аласыз?  

КМШ ѳлкѳлѳрүнүн Сирияда, Иракта жана Афганистандын бир бѳлүгүндѳ согушуп жаткан радикалдуу топторго катышуусу – КМШ мамлекеттеринин жалпы кѳйгѳйү.  Биргелешкен аракеттер бул кубулушка каршы, жалпы эле терроризм менен күрѳшүүнү кыйла жеӊилдетмек.

Бул багытта маалымат алмашуу учурда ишке ашып жатат. КМШ ѳлкѳлѳрүнүн антитеррористтик борбору бар. Анын алкагында аймактагы ѳлкѳлѳрдүн атайын кызматтары менен полиция түзүмдѳрүнүн жетекчилери үзгүлтүксүз жолугуп турушат. КМШнын бир  ѳлкѳсүнүн террористтик уюмга кирген жарандары шериктештиктин башка мамлекетинде изин жашырып жүргѳндѳ, дал ушул кызматташтыктын жардамы менен кармалып, ѳз ѳлкѳлѳрүнѳ тапшырылган  учурларга биз кѳп эле жолу күбѳ болдук.

Бирок эки тараптуу кызматташтыкты да ѳнүктүрүү зарыл, анткени мамлекеттик  коопсуздук коркунучтарына каршы күрѳшүү боюнча маселелерде бул ыкманын кѳбүрѳѳк натыйжалуу экендигин тажрыйбалар кѳрсѳтүүдѳ. 

Бул чѳйрѳдѳ ийгиликке жетишкен жана башкаларга үлгү боло турган  ѳлкѳлѳр барбы?

Ооба. Кѳбүнчѳ Европа  ѳлкѳлѳрүн айтууга болот. Мурунку жоокесептер менен иштѳѳ боюнча мамлекеттик программа болууга тийиш. Тилекке каршы, авторитардык мамлекеттерде, булардын катарында Азербайжан да бар, мындай адамдарга карата күч колдонууга кѳбүрѳѳк басым жасалат. Бирок, бул туура жол эмес. Албетте, террористтик топторго катышкандыгы үчүн соттолгондорду  катуу шарттарда кармаш керек. Бирок, ошол эле учурда түрмѳнүн ичинде алар менен адистер да иш алып барууга тийиш.

Ал эми Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн тажрыйбасы Азербайжан үчүн пайдалуу боло алабы?

Бардык эле тажрыйба пайдалуу боло алат. Анын үстүнѳ, бул маселе боюнча Казакстан менен Ѳзбекстандын тажрыйбасы кѳбүрѳѳк, анткени бул мамлекеттердин радикалдуу террористтик уюмдарга кирип кеткен жарандарынын саны азербайжандыктарга салыштырмалуу кыйла эле жогору.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздук органдарынын ѳнүгүү деӊгээли менен менталитетибиз боюнча Европага караганда Борбордук Азияга кѳбүрѳѳк жакынбыз. Ал эми менталитет менен маданиятты түшүнүү терроризмге каршы күрѳшүүдѳ абдан эле чоӊ жардам берет.

Сиз Сириядагы террористтик топтордун ичине кирген бир нече азербайжандык менен сүйлѳшүү мүмкүнчүлүгүм болгон деп айттыӊыз. Кийин алар эмне болушту?

Ал жерлерге сабатсыз, караӊгы кишилер барат деген стереотип бар. Бирок дайыма эле мындай боло бербейт. Мен сүйлѳшкѳн кишилер сабаттуу кишилер болчу. Сирияга барган соӊ бир-эки күндүн ичинде эле алар аткарууга милдеттүү болгон иш-аракеттердин диний баалуулуктарга каршы келе тургандыгын аӊдап түшүнүшкѳн. Кайра Азербайжанга кайтып келип, ѳз ыктыяры менен колго түшүп берип, кылган күнѳѳсүн моюнга алышкан, алар менен атайын иш жүргүзүлгѳн.

Бардыгын баамдап, бардык нерсени түшүнсѳ да, ал адамдардын психикасы жабыркап калган. Ошондуктан, мындай кишилер менен кесипкѳй психологдор иштѳѳгѳ тийиш. Кийинчерээк алардын бири менен кезиктим, ал кадимки жакшы жашоого кайтса дагы, мурункудай эле дезертирлик үчүн ѳч алат деген коркунуч менен жашап жүргѳнүн билдирди. Бул коркунуч дагы жаӊы кылмыштарга түртѳ турган негативдүү фактор болуп саналат. Ал адамдар азыр кайсы жерде экенин мен билбейм.

Сирия менен Ирактын согуш аракеттери жүрүп жаткан жерлеринен Азербайжандын канча жараны кайтып келгендиги тууралуу маалымат бере алган изилдѳѳлѳр барбы?

Мындай изилдѳѳлѳр жѳнүндѳ маалыматым жок. Алардын санын аныктап чыгуу үчүн татаал интеллектуалдык изилдѳѳ иши талап кылынат.

Ѳткѳн жылы жеке булактарыман мамлекеттик чек ара кызматы араб ѳлкѳлѳрүнѳн Азербайжанга келген туристтерди анализдѳѳнүн натыйжасында ѳлкѳгѳ кирген арабдардын санынын ѳлкѳдѳн чыгып кеткен арабдарга салыштырмалуу кыйла кѳп экендигин аныктап чыккандыгы тууралуу маалыматка ээ болгом. Булар Азербайжанды транзит мамлекет катары колдонгон мыйзамсыз араб мигранттары болушу ыктымал. Ошентсе да, мамлекет ар дайым жаман нерсеге даяр болуусу керек.

Азербайжандын террористтик топторго кирген кээ бир жарандары азербайжандын паспорттору менен оӊой эле аныкталып, камакка алынарын түшүнүп, ѳлкѳгѳ кайра араб паспорттору менен кайтып келиши да мүмкүн. Муну мамлекет катуу кѳзѳмѳлгѳ алууга тийиш.  


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.