© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги: зарылчылыкпы, ыгы жоктукпу же улуттук коопсуздукка коркунучпу?

Дин темасынын айланасында маал-маалы менен келип чыккан полемика мамлекет менен конфессиялардын ортосунда ѳз ара байланыш үчүн оптималдуу моделди табууда бийлик менен жарандардын ортосундагы диалогдун олуттуу мааниге ээ экендигин дагы бир жолу ырастоодо. Ѳлкѳдѳ мамлекет жана конфессиялардын ѳз ара мамилесине байланыштуу талаш-тартыштар алты социалдык-саясий фактор менен шартталган.


Биздин Facebook’тагы баракчабызга кошулуӊуздар!


Кыргыз Республикасы дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясаттын жаӊы концепциясын иштеп чыгуу боюнча даярдык кѳрүүдѳ. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) 2019-жылдын 24-декабрында 2014-2020-ж.ж. Концепцияны ишке ашыруунун болжолдуу натыйжаларын талкуулоо боюнча тегерек стол ѳткѳрүп, жаӊы документке киргизиле турган бир катар маселелерди белгилеп чыкты. Буга чейин Бишкек шаарында «Православие жана ислам – дүйнѳлүк диндер» жана «Кыргызстанда конфессия аралык диалог» аттуу конференциялар ѳткѳрүлгѳн. Аталган иш-чаралар социалдык тармактарда жандуу дискуссияларды жаратып, бүгүнкү күндѳ Кыргызстандын коому үчүн дин маселесинин зор мааниге ээ экендигин дагы бир жолу ырастады.

Комментарийлер боюнча, интернет-колдонуучулардын дин чѳйрѳсүндѳгү мамлекеттик саясатка байланыштуу ой-пикирлери үч негизги позицияга бѳлүнгѳн:

  • Биринчи позициянын жактоочулары мамлекет тарабынан айрым конфессиялар үчүн ѳзгѳчѳ артыкчылыктуу шарттар түзүлүп берилбеши керектигин, бирок бардык жарандар үчүн дин тутуу эркиндиги камсыздалууга тийиш экендигин белгилешет.
  • Интернет-колдонуучулардын экинчи тобу тескерисинче, Кыргызстан али жаш мамлекет болгондуктан, коомдун диний плюрализмин кабыл алууга даяр эместигин, ал эми мындайча айтканда «салттуу эмес конфессиялардын» активдүү миссионердик ишмердүүлүгү коомдун диний белгилер боюнча бѳлүнүүсүнѳ жана маданий бирдейликтин жоголушуна  алып келет деген пикирин билдирген.
  • Үчүнчү позициянын жактоочулары болсо, мамлекет радикалдашуунун жана ар түрдүү деструктивдик идеологиялардын жайылышынын алдын алуу максатында бардык конфессиялардын үстүнѳн кѳзѳмѳлдү күчѳтүүгѳ тийиш экендигин айтышкан.

Дин темасынын айланасында маал-маалы менен келип чыккан полемика мамлекет менен конфессиялардын ортосунда ѳз ара байланыш үчүн оптималдуу моделди табууда бийлик менен жарандардын ортосундагы диалогдун олуттуу мааниге ээ экендигин дагы бир жолу ырастоодо. Бирок, динге байланыштуу саясий чечимдерди кабыл алууда коомдук макулдашуунун мааниси жѳнүндѳ айтуудан мурун, учурдагы диний абалды бул маселе боюнча негизги позициялар менен бирге анализдеп чыгуу зарыл.

Кыргызстандын дин чѳйрѳсүнүн учурдагы абалы

Кыргызстанда мамлекет жана конфессиялардын ѳз ара мамилесине байланыштуу талаш-тартыштар алты социалдык-саясий фактор менен шартталган. Алар: кызыкчылыктардын ички саясий жана тышкы саясий кагылышуусу, мамлекет менен диндин ортосунда аутенттүү мамиле салтынын жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин так белгиленген парадигмасынын жоктугу, актуалдуу статистикалык маалыматтардын жетишсиздиги жана коомдун ичинде дин темасына тыюу салынуусу. Бул факторлорду кененирээк карап чыгуунун натыйжасында Кыргызстандагы диний абалдын жалпы картинасын түзүүгѳ болот.

Дин чѳйрѳсүндѳ кызыкчылыктардын ички саясий кагылышуусу учурдагы диний кѳп түрдүүлүк менен шартталган.   Бул феномен Кыргызстан коому үчүн салыштырмалуу жаӊы чыккан кѳрүнүш экендигине байланыштуу пикирдин кеӊири жайылгандыгына карабастан, кѳптѳгѳн археологиялык табуулар [1], советтик доордун архивдик маалыматтары сыяктуу эле мунун карама-каршысын кѳрсѳтүүдѳ. Жердик цивилизациялардын ортосундагы соода жолунун кесилишинде жайгашкан  азыркы Кыргызстандын аймагында жашаган калк илгертен бери зороастризм, буддизм, христианчылык, манихейчилик, ислам, бутпарастык ж.б. сыяктуу ар түрдүү диний салттарга ишенип келген.

Убакыттын ѳтүшү менен конфессиялык композиция ар кандай ѳзгѳрүүлѳргѳ учурап турса да, жалпысынан диний кѳп түрдүүлүк дайыма эле кандайдыр бир формада болуп келген. Бул кѳрүнүш атеисттик пропагандалар менен диний коомдорго мамлекет тарабынан кысым кѳрсѳтүлүүсүнѳ карабастан, советтер доорунда деле сакталган. Кыргыз СССРнин КПсынын Борбордук комитетинин катчысынын динге каршы үгүт иштеринин ийгиликтери жѳнүндѳ докладына ылайык, 1985-жылы республиканын аймагында каттоодон ѳткѳн 96 жана катталбаган 68 диний коом [2] болгон. Алар ислам, православдык, баптисттик, элүүнчүлѳр,  адвентисттик, лютерандык, иудейлик ишенимдер [3] болуп, алардын катарына 1942-жылы генерал Андерсендин 5-дивизиясынын польшалык офицерлери тарабынан негизделип, Жалал-Абадда жайгашкан [4] католиктик костёл да кирген.   Кыргызстан эгемендүүлүккѳ жеткенден кийин диний коомдордун кѳпчүлүгү ачыкка чыгуу мүмкүндүгүнѳ ээ болуп, элге кѳрүнѳ баштаган.  

Ошону менен бирге эле, Кыргызстан үчүн жаӊы диний агымдар да жеке ынанымдарын жайылтуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алышты. Мындай агымдардын ичинен бахаилерди, мормондорду жана неоиндуисттик диний традициялардын ѳкүлдѳрүн бѳлүп кѳрсѳтүүгѳ болот. 1996-жылдан тартып, 2008-2009-жылдары дин тармагында мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу үчүн негиз болгон диний топтордун арасында «коом (паства) үчүн атаандаштыкка»  байланышкан чыӊалуунун жогорулашы байкалып келет. 

Конфессия аралык мамилелерди жѳнгѳ салуу максатында бийлик тарабынан миссионердик ишмердүүлүккѳ чектѳѳлѳрдүн киргизилишине жана башка чаралардын алынышына карабастан, айрым диний топтордун ортосундагы чыӊалуу дагы да болсо уланууда. Мындай жагдай ѳлгѳн адамдарды жерге берүү, прозелитизм, ошондой эле мыйзам чыгаруу иши менен анын дин тутуу эркиндигине болгон укук маселелеринде практикалык колдонулушу боюнча талаш-тартыштардын келип чыгуусуна байланыштуу чыр-чатактарга жол ачууда.

Кызыкчылыктардын тышкы саясий кагылышуусу геосаясат жана ѳлкѳнүн ички саясий жашоосуна таасир этүү үчүн динди «жумшак бийлик» (soft power) катары колдонуу менен байланыштуу. Тышкы акторлордун кызыкчылыктарынын кагылышуусу Кыргызстанды БУУ, ЕККУ, ИКУ ж.б. мүчѳлүгүнүн алкагында  бири-бирине каршы келе турган эл аралык милдеттерди алууга аргасыз кылып жатат. Мисалы, 2019-жылы коомчулуктун арасында Ислам дининде адам укуктары жѳнүндѳ Каир декларациясынын Кыргызстан тарабынан ратификацияланышы (2012-ж.) боюнча полемика жүрүп, жарандык коомдун бир бѳлүгү менен ЕКПАда мындай кадамдын адам укуктары боюнча бир катар келишимдерге туура келбѳѳсүнѳ байланыштуу кооптонуулар жаралган [5]. Кыргызстандын ИКУнун бир катар келишимине катышуусу «Израиль маселесине» карата бир жактуу эмес мамилесин кѳрсѳтүүдѳ. Ѳлкѳнүн тышкы саясатынын кѳп багыттуулугу дагы жергиликтүү коомдордун деӊгээлиндеги конфессия аралык мамилелерге белгилүү бир даражада  чыӊалууну кошуп, диний конфессиялардын ичинде, айрыкча сунниттик ислам дининде чыр-чатактардын келип чыгышына жол ачууда.

Мамлекет менен диндин ортосунда аутенттүү мамиле салтынын жоктугу мамлекеттүүлүктүн советтер мезгилинде пайда болуусу менен түздѳн-түз байланыштуу. Советтер Союзунун мамлекеттик башкаруу системасы бийликтин эӊ жогорку деӊгээлде борборлоштурулгандыгын кѳрсѳтүп турган. Дин жаатында мамлекеттик саясат да, башкалар сыяктуу эле борбордук бийлик, тактап айтканда  СССР Министрлер Кеӊеши тарабынан түзүлгѳн. Ал  Диний ырасым иштери боюнча кеӊеш аркылуу анын республикалык бѳлүмдѳрүнѳ кѳрсѳтмѳлѳрдү берип турган [6]. Жергиликтүү деӊгээлде бул кѳрсѳтмѳлѳр Диний ырасым иштери боюнча кеӊештин ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүктѳрү тарабынан аткарылган.

СССР кулагандан кийин бул система дагы иштебей калган. Кыргызстанда дин иштери боюнча профилдик орган 1996-жылы түзүлгѳн.[7] Бирок, 10 жыл ѳткѳн соӊ гана мамлекет дин тармагында мыйзамдарды карап чыгуу аркылуу диний коомдор менен алакаларды ырааттуу түзѳ баштаган. Бул процесс бүгүнкү күндѳ деле уланууда. Процесстин учурда да иштеп жаткандыгын программалык документтерди иштеп чыгууну улантуу жана тийиштүү ченемдик-укуктук актыларга оӊдоолорду киргизүү иш-аракеттери ырастап турат.

Дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясаттын белгиленген парадигмасынын жоктугу жогорудагы кѳйгѳйдүн уландысы болуп саналат. Үзгүлтүксүз мыйзамдарды карап чыгуу жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин оптималдуу моделин табуу аракеттери бул тармактагы теориялык колдоонун жетишсиздиги менен байланышкан. Бир жагынан, эксперттик коомдун бир бѳлүгүндѳ мурункудай эле динге карата марксисттик-лениндик мамиле басымдуулук кылганын, же болбосо эч кандай мамиленин жок экендигин байкоого болот. Ал эми экинчи жагынан, азыркы билим берүүдѳгү каатчылык жаӊы муундагы эксперттердин заманбап ык-амалдарды жетиштүү деӊгээлде ѳздѳштүрүүсү үчүн мүмкүндүк бербей жатат. Ошентип, мамлекеттин алдында дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясаттын кѳнүмүш советтик парадигмасына кайтуу же аны белгилебестен калтыруу жѳнүндѳ дилемма келип чыгууда. 

Калктын конфессиялык курамында  актуалдуу статистикалык маалыматтардын жоктугу дагы мамлекеттик-конфессиялык мамилелерди түзүүнү татаалдаштырып жатат. Эреже катары, расмий статистика конфессиялык таандыктыкты этностук бирдейлик менен байланыштырат. Мындай ыкманын натыйжасында 2014-жылдагы абал боюнча, калктын 80%га жакыны ислам дини менен (сунниттерге жана шииттерге бѳлбѳстѳн) жана 17%ы – православдык христиан дини менен  ассоциацияланган[8]. Айрым социологиялык изилдѳѳлѳр  Кыргызстандын жалпы калкынын 86%на жакынын мусулмандар  түзгѳндүгүн кѳрсѳткѳн окшош жыйынтыктарды берген [9].

Бирок, этностук жана «салттык» бирдейликтерде кездешкен айырмачылыктар бул цифралар боюнча шектенүүлѳрдү жаратат. Тагыраак маалыматтарды диний таандыктык боюнча кошумча суроону камтыган эл каттоо иш-чарасынын натыйжасында алууга болот. Буга окшош изилдѳѳ республиканын аймагында акыркы жолу 1937-жылы жүргүзүлгѳн[10]. Бирок, бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыктары улуттук архивдерден чыгарылып, учурда Москвада сакталат. Мындай илимий изилдѳѳлѳрдүн жетишсиздиги аталган кылдат чѳйрѳнү натыйжалуу жѳнгѳ салуу үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгууну кыйла эле татаалдашырууда.  

Дин темасына тыюу салынгандыгы мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин оптималдуу моделин түзүүдѳ дагы бир тоскоолдук болуп эсептелет. Советтер доорунун атеисттик пропагандасынын натыйжасында коомдо дагы эле динчилдерге  карата негативдүү стереотиптер бар. Стереотиптердин кѳпчүлүгү кыйла туруктуу болуп, Октябрь тѳӊкѳрүшүнѳн бери сакталып калгандыгын дагы белгилей кетмекчибиз.  Мисалы, РКП (б) съезддеринде большевиктер мусулмандарды панисламизмдин жактоочулары, протестанттар менен католиктерди Европа жана Америка буржуазиясынын агенттери (Батыштын агенттери), ал эми иудейлерди сионизмдин кѳмѳкчүлѳрү  катары сыпатташкан [11]. Куугунтуктоо менен кодулоодон улам, динчилдер жеке диний ишенимдерин жашырып жүрүүгѳ аргасыз болгон.

Динчилдердин кээ бирлери, бийлик жана коомдун ортосундагы бири-бирине ишенбѳѳчүлүк дагы эле сакталып келет. Бул болсо айрым диний коомдордун жалпы элдик мейкиндиктен чыгуусуна түрткү болууда.   

СССР кулагандан кийин ѳлкѳдѳ диний укуктар менен эркиндиктерге карата бир кыйла жумшактыктар камсыз кылынганына карабастан,   коомдо мурунку стереотиптер бүгүнкү күнгѳ чейин сакталууда. Кээ бир учурларда алар айрым саясатчылар менен коомдук ишмерлердин риторикасында чагылдырылып, «секта», «деструктивдик агымдар» [12] ж.б. ушул сыяктуу терминдер менен сыпатталган учурлар кѳп эле кездешет. Ошентип, динчилдердин кээ бирлери, бийлик жана коомдун ортосундагы бири-бирине ишенбѳѳчүлүк дагы эле сакталып келет. Бул болсо айрым диний коомдордун жалпы элдик мейкиндиктен чыгуусуна түрткү болуу менен бирге, мамлекеттин диний абалдын динамикасын кѳзѳмѳлдѳѳсү, ошондой эле дин чѳйрѳсүндѳ актуалдуу саясатты иштеп чыгуусунда кыйынчылыктарды жаратууда.

Дин чѳйрѳсүндѳ саясаттын багытын тандоо

Жогоруда айтылгандай, коом менен бийлик ѳкүлдѳрүнүн арасында дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясатты ѳнүктүрүү багытын тандоо боюнча негизги үч позиция бар.

Жарандардын бардыгы үчүн дин тутуу эркиндигине болгон укуктун жактоочулары түрдүү диний коомдор үчүн да, динге ишенбегендер, агностиктер жана атеисттер үчүн да бирдей шарттар менен мүмкүнчүлүктѳрдүн түзүлүп берилиши коомдун жалпы жарандык баалуулуктардын базасында интеграциялануусуна кѳмѳктѳшѳ тургандыгын белгилешет. Алардын пикири боюнча, мындай ык-амал бир гана конфессия аралык мамилелерди шайкештебестен, экономиканын ѳсүшү менен коопсуздукту да камсыздай алат. Мындан тышкары, модель Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам укуктары боюнча бардык эл аралык милдеттерге жооп берет.

Ошентсе да, бул позиция кѳп учурда бир катар саясатчылар, айрым эксперттер, диний коомдордун жана күч түзүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрү тарабынан сынга алынып келет. Аталган ык-амалдын популяризациясы калк арасында, айрыкча аймактарда укуктук сабаттуулук менен толеранттуулук маданиятын жогорулатууга багытталган активдүү түшүндүрүү жана агартуу иштеринин жүргүзүлүүсүн талап кылат. Антпесе, модель коомдун бир бѳлүгү тарабынан башкалардын либералдык баалуулуктарын таӊуулоо аракети катары түшүнүлүп, толугу менен кабыл алынбай калуусу да ыктымал.

Мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин преференционалдык моделинин жактоочуларынын ою боюнча, мамлекет ѳз саясатын маданий-тарыхый мураска негиздеп, бир гана «салттуу диндерди» колдоого тийиш. Мындай амал, эреже катары, калктын калыӊ катмарынын жана айрым саясатчылардын арасында популярдуу. Бирок, бул модель укук коргоо коомчулугунун, диний азчылыктардын ѳкүлдѳрү жана мамлекеттин бардык конфессияларга карата бейтарап мамиле кылуусун туура кѳргѳн светтик калктын бир бѳлүгү тарабынан сынга алынып келет.   

2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында ѳткѳн «Православие жана ислам – дүйнѳлүк диндер» эл аралык конференциясы. Фото: kabar.kg

Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик-конфессиялык мамилелер жаатындагы акыркы окуялар мамлекеттик саясаттын дал ушул моделди ишке ашырууга багытталгандыгын кѳрсѳтүп турат (2018-2040-ж.ж. КР ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы). Ошентсе да, Кыргызстандын кѳз карандысыздык мезгилинин ичинде аталган чѳйрѳдѳгү саясат бир нече жолу ѳзгѳрүп, бул абал анын ѳзгѳрүлмѳ жана күтүүсүз экендигин ырастайт.

Дин чѳйрѳсүндѳ саясатты секьюриттештирүүнүн жактоочулары кѳзѳмѳлгѳ алынбаган дин чѳйрѳсү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна чакырыктар менен коркунучтарды алып келет деп белгилешет. Аларды болтурбоо үчүн мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн жана конституциялык түзүлүшүн бузууга багытталган  экстремисттик жана деструктивдик идеологияларды жайылтуусуна жол бербѳѳ максатында диний коомдордун үстүнѳн кѳзѳмѳлдү күчѳтүү зарыл. 

Бул риторика күч түзүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн арасында популярдуу болуп, Кыргызстандын ЖККУ жана ШКУга мүчѳлүгүнүн алкагында алынган бир катар аймактык милдеттенмелер менен колдоого алынат. Ошол эле учурда дал ушул позиция «салттуу жана салттуу эмес конфессиялардын» жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрү тарабынан кабыл алынбай, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна шек келтирүүдѳ.

Бул маселе боюнча мындан мурунку эки моделдин жактоочуларынын кѳз караштарынын окшоштугуна карабастан, алардын ортосундагы карама-каршылыктар биргелешип дин тармагында мыйзамдарды секьюриттештирүүгѳ каршы чыгууларына тоскоол болууда. Муну менен бирге, мыйзамдарды күчѳтүүгѳ багытталган тенденциянын тескери натыйжаларга жол ачуусу мүмкүн экендигин эстен чыгарбаш керек. Экстремисттик топтор мамлекет тарабынан диний коомдорго кѳрсѳтүлгѳн кысымды жаӊы адепттерди толуктоо үчүн аспап катары пайдаланып алышы ыктымал. Бул болсо, аталган моделдин саясий максаттуулугуна шек жаратат.

Жыйынтык чыгарып жатып

Мурда айтылып кеткендей эле, мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин оптималдуу моделин тандап алууну бийлик менен жарандардын ортосундагы коомдук келишимге негиздѳѳ зарыл. Жогоруда белгиленген бул чѳйрѳдѳгү мүмкүн болгон саясий багыттарды олуттуу түрдѳ анализдеп жана талкуулап чыгуу талап кылынат. Албетте, ар бир моделдин ѳзүнѳ тиешелүү күчтүү жактары жана кемчиликтери бар. Кандайдыр бир чечимди кабыл алуудан мурун сѳзсүз аларды кылдат изилдеп, таразалап чыгуу зарыл. Маанилүү нюанстардын ичинен тѳмѳнкүнү белгилѳѳгѳ болот.

Жарандардын бардыгы үчүн дин тутуу эркиндигине болгон укуктун модели калктын кеӊири катмарынын ичинде популярдуу эмес экендигине карабастан, ишке ашырууда башкаларга салыштырмалуу азыраак убакытты жана финансылык чыгымдарды талап кылат. Аны жайылтуунун негизги аспабы болуп, аймактарда жашаган калктын арасында укуктук сабаттуулук менен толеранттуулук маданиятын жогорулатууга багытталган активдүү түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү аракети эсептелет.

Бир караганда оӊой ишке ашырыла тургандай сезилген мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин преференционалдык  модели узак мѳѳнѳттүү келечекте бир катар коркунучтарга жол ачышы ыктымал. Негизинен булар ѳлкѳдѳ укуктары менен мүмкүнчүлүктѳрү чектелген деп эсептеген диний азчылыктардын миграциясынан улам келип чыккан  экономикалык регрессия менен байланышкан.  Диний азчылыктардын кѳптѳгѳн ѳкүлдѳрүнүн жогорку квалификацияга ээ жумушчулар экендигин эске ала турган болсок, анда алардын Кыргызстандан кетүүсү ѳлкѳнүн экономикалык ѳнүгүүсүнѳ залакасын тийгизиши мүмкүн деп айта алабыз.

Дин чѳйрѳсүн секьюриттештирүү саясаты диний жагдайдын динамикасынын жакшылап изилденбегендигинен улам, салыштырмалуу кооптуу деп эсептелет. Мындан тышкары, дин тармагын жѳнгѳ салуучу мыйзамдарды күчѳтүүнүн алгачкы толкунунан кийин эле (2006-2009-ж.ж.)  кээ бир топтор кѳмүскѳгѳ кирип кеткендиктен, диний коомдордун ишмердүүлүгүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү толук жана оӊой ишке ашырылбайт.

Ошондой эле эки (ал тургай үч) ык-амалдын теӊ элементтерин камтыган гибриддик моделдердин болушуна  да жол бериле тургандыгын айта кетмекчибиз. Мындай моделдерди жайылтуу бири-бирине каршы келген парадигмалардын биригүүсү менен шартталган кошумча тобокелдерге да жол ачуусу мүмкүн. Бир жагынан, гибриддик моделдер ѳз ара карама-каршы максаттарга жетүүгѳ багытталган чаралардын натыйжалуулугун дагы тѳмѳндѳтѳт.

Экинчи жагынан, гибриддик моделдер болгон карама-каршылыктарды ырбатат жана мамлекеттик-конфессиялык мамилелер жаатында жагымсыз натыйжаларга жол ачып, бардык стейкхолдерлердин бийликке болгон ишенимин кетирет.  Ошентип, Кыргызстанда дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда  гибриддик моделдерди жүзѳгѳ ашыруу ѳтѳ эле ылайыксыз аракет болуп эсептелет.   


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: