© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Агностиктер деген кимдер жана Кыргызстан менен Казакстанда алардын жашоосу кандай?

Эксперттер агностицизм Кудай же кудайларды тануу эмес, муну билүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгилешет. Агностиктердин ѳздѳрү болсо,  аларды кѳп учурда атеисттер менен алмаштыргандыгын айтышат.


Подпишитесь на нашу страницу в Facebook!


*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

Кыргызстан менен Казакстанда жашаган агностиктердин саны тууралуу расмий маалымат жок. Калкты каттоо менен изилдѳѳлѳрдѳ, эреже катары, атеисттердин саны гана эсепке алынат же болбосо бул түшүнүктѳр бѳлүнүп кѳрсѳтүлбѳйт. Кыргызстанда 2016-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Диний фактордун Кыргыз Республикасындагы социалдык жана саясий абалга тийгизген таасири» аттуу социологиялык изилдѳѳнүн алкагында калктын динге тиешелүүлүгү боюнча  сурамжылоо жүргүзгѳн. Иш-аракетке тартылгандардын  98,4%ы ѳздѳрүн динге ишенгендердин катарына кошсо, 0,7%ы эч кайсы динге ишенбегендигин билдирген, ал эми 0,4% – суроого жооп бере алган эмес.  

 «Open Doors» христиан укук коргоо уюмунун (АКШ) берген маалыматтары боюнча, 2019-жылдын башында 578 миӊ казакстандык жаран же болбосо жалпы калктын 3,1%ы ѳздѳрүн агностик деп эсептегендиги аныкталган. 

Юлия (Казакстан), 22 жашта:

Мен ѳзүмдү ѳспүрүм кезимден бери эле агностикмин деп эсептейм. 12 жашка чыкканда ѳзүмдүн дүйнѳгѳ келүүм жана үй-бүлѳмдүн жаралышы тууралуу ойлоно баштадым. «Агностицизм» термини менен бир нече жылдан кийин тааныштым .

Жер жүзүндѳ жашоо ѳзүнѳн-ѳзү пайда болбогондугун дайыма эле түшүнүп келгем. Кѳп окудум, изилдедим, бардык жандыктардын жаралышы жѳнүндѳ ар кандай пикирлерин билдирген кишилер менен байма-бай баарлашып турдум. Бардык нерсеге аздан ишенчүмүн, бирок ар бир динде таптакыр макул боло албаган жактары да байкалчу.

Библияны окуп чыккандан кийин диндердин эч бири менин сезимиме, ой-пикириме туура келбегендигин түшүндүм. Ошондо бир жакын досум агностицизм тууралуу айтып берди.

Акырында мен ѳзүмдүн жарык дүйнѳгѳ келүүмдүн себебин түшүндүрүү үчүн сѳзсүз эле кудайлардын бирин тандоого милдеттүү эмесмин деген корутундуга келдим. Динде мага жакпаган нерсе – конфессиялардын баары эле «челекти» ѳзү жакка тартууга аракет кылуусу. Диний адамдар дайыма эле бири-бирине бир нерсени далилдеп берүүгѳ умтулуп, талашып-тартышышат, урушушат. Мунун  себеби – ар башка кудайга ишенүүсү. Мен үчүн бул абдан эле таӊ  калыштуу нерсе.

Мен жер жүзүндѳгү жандыктардын  баары жогорку күчтѳр аркылуу пайда болгондугуна ишенем, бирок, дагы эле ѳзүм үчүн «Кудайдын» образын жарата элекмин. Балким, бул күчтѳр кѳбүрѳѳк абстаркттуу, же болбосо кандайдыр бир башка планеталык жандыктар менен, башка жашоо же башка цивилизация менен байланыштуу да болушу мүмкүн. Ошондуктан, ѳзүмдү башкалар ойлогондой атеисттердин катарына эмес, агностиктердин катарына киргизем.

Мен эч качан кимдир бирѳѳлѳр тарабынан кысымга учураган жокмун, болгону,  түрдүү конфессиянын ѳкүлдѳрүнүн убакыттын ѳтүшү менен белгилүү бир тыянакка келе турганымды айткандары. Бирок, кѳп киши  атеисттер менен агностиктерди айырмалай албагандыктан, мени «динсиз адам» катары кабыл алышат. Чындыгында мындай эмес, мен башкалар сыяктуу эле динге ишенген адаммын.

Photo: CABAR.asia

«Агностицизм» термини Чарльз Дарвиндин жолун жолдоочу, окумуштуу биолог жана геолог Томас Генри Хакслинин (Гексли) аркасы менен  1896-жылы колдонула баштаган. Ал жекече дүйнѳ таанымдык позициясын белгилѳѳ үчүн «агностик» деген сѳздү ойлоп тапкан.   

Россиянын ири энциклопедиясында” агностицизм Кудай (же кудайлар) жана «кѳрүнбѳгѳн дүйнѳ» жѳнүндѳ анык билимдин болуусу мүмкүн эмес деп түшүндүрүлѳт жана кээ бир учурда атеизм түшүнүгү менен алмаштырылып калат.

Казакстандык дин таануучу Даурен Тойматаевдин айтуусу боюнча, агностик кандайдыр бир диний башаттын бар экендигин танбайт, бирок ошол эле учурда далилдер жетишсиз болгондуктан, аны шексиз жана айкын чындык катары кабыл алууга даяр эмес. Агностиктер үчүн Кудай эмне жана кандай экендигине байланыштуу суроо дайыма ачык бойдон калат.

«Философиялык жактан алганда, агностицизм адам ар дайым курчап турган дүйнѳнү тааный баштаганы, анын билимдери кеӊейип турганы менен, ал бардык билимин жана жѳндѳмдүүлүктѳрүн колдонгон учурда да жооп ала албай турган суроолор кала берет деп эсептеген скептицизм менен түздѳн-түз байланышта. Агностицизм жогорку күчтүн бар экендигин танууну билдирбейт, тек гана чындыгында Кудай бар экендигин билүү мүмкүн эместигин далилдейт», – дейт Тойматаев.  

Эксперт агностиктер менен атеисттерди үч башкы топко бѳлѳт:

  1. Атеист-гностиктер – бир дагы Кудайга ишенбейт жана анын жок экендигин билишет.
  2. Теист-агностиктер – Кудай бар экенине ишенет, бирок муну так билишпейт.
  3. Теист-гностиктер – Кудай бар экенине ишенет жана бар экенин так билишет.

Даниил Орлов, Кыргызстан:

Даниил Орлов. Жеке архивден алынган сүрѳт

Мен агностицизмге логиканын натыйжасында келип калдым. Так илимдерге кызыгып жүрүп, Ааламдын моделинин жетиштүүлүгү үчүн авраамдык Кудай да, акылга сыярлык пикир да зарыл эмес экендиги тууралуу жыйынтыкка келдим.

Мага жакшы жана ак ниеттүү адам болуу үчүн тозок, тозок оту же дагы башка түрдѳгү кошумча нерселер талап кылынбайт. Албетте, бул логика мыйзамдарына баш ийбеген кудуреттүү кудайдын декарттык вариациясын танбайт, бирок бул – таптакыр башка окуя. Калган бардык нерсе Оккама устарасы менен ажыратылып кетет.

Агностицизмге байланыштуу терсаяктык диний, улут аралык жана башка себептерге байланыштуу терсаяктык кѳрүнүштѳр сыяктуу эле кездешет. Бирок мен ѳзүм мындай кѳрүнүшкѳ учураган жокмун жана IT-индустриянын ичинде жашагандыктан эч кандай ыӊгайсыздыкты сезбейм.

Кадыр Маликов. Жеке архивден алынган сүрѳт

Кыргызстандык теолог Кадыр Маликовдун айтымында, ислам дини агностиктерди кудайга ишенбегендердин катарына кошот, бирок ар бир адамга динге ишенүү же ишенбѳѳнү тандоо укугун берет.

«Исламда динге ишенүүгѳ мажбурлоо жок. Ар бир адам ѳз жолун ѳзү тандайт жана ѳлгѳндѳн кийин бардык нерсе үчүн ѳзү жооп берет. […] Азыркы коомду эске алганда, биз турмуш менен динге карата ар түрдүү кѳз караштар менен жашайбыз. Бүгүнкү күндѳ бул табигый нерсе болуп эсептелет», – дейт Маликов.

Дастан (Казакстан), 18 жашта:

Менин түшүнүгүмдѳ агностицизм – бул эркиндик. Догматтар менен таӊууланган баалуулуктардан боштондук. Атеисттер менен агностиктердин ортосунда жалпы окшоштуктар абдан кѳп, бирок ошол эле учурда алар бири-биринен айырмаланып турушат деп ойлойм. Атеисттер жогорку күчтүн бар экендигин толук танса, мен Кудайдын тигил же бул кѳрүнүштѳ бар экендигине жол берем.

Агностицизмге келгениме кѳп боло элек. TOEFL тестине даярданып жатып, ар түрдүү темалардагы илимий макалаларды окуп чыктым. Биология, химия, экономика, психология – бүтүн бул предметтерди бир гана нерсе  – абсолюттук чындыктын жоктугу байланыштырып турат. Жалпыга белгилүү бир чындык катары эсептелген ар бир изилдѳѳ башка бир изилдѳѳнүн натыйжалары менен күчүн жоготот, ал эми бул изилдѳѳ – ѳз кезегинде дагы бир изилдѳѳдѳн улам актуалдуу болбой калат. Бул үзгүлтүксүз кайталанып туруучу кубулуш.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын протоиерейи Алексей Сыромятниковдин пикири боюнча, ѳзүн агностик деп эсептегендердин баары эле агностицизмдин принциптерин сактай бербейт.  

«Биринчи кезекте, агностик – бул Кудай бар жана аны түшүнүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Бирок, Кудайды түшүнүүдѳ диндердин толук чындыкка ээ эместигин жактайт. Демек, алар үчүн кудайга сыйынуунун эч кандай пайдасы жок. Башкача айтканда, чыныгы агностик эч качан кудайга сыйынбайт. Мен муну агностиктерге айтканымда, алардын кээ бирлери жан дүйнѳсүндѳ, акылында сыйына тургандыгын айтышат. Анда эмне үчүн алар ѳздѳрүнүн жүрѳктѳн аткарылган сыйынууларына Кудай кѳӊүл бурат деп эсептешет? Мындай абалда мен аларга «Эмне үчүн Кудай силерди угат деп ойлойсуӊар? Силер мунун билбейсиӊер да. Демек, силер агностик эмессиӊер», – дейт Сыромятников.

Александр Суворов. Photo: seminaria.kz

Астана жана Алматы орус православ чиркѳѳсүнүн епархиясынын протоиерейи  Александр Суворов, агностиктер – бул Кудайга карата мамилесин так аныктай элек адамдар деп белгилейт. 

«Ар бир адам каалаган нерсесине ишенет. Атеист динге ишенип калышы ыктымал, ѳз кезегинде динчил адам атеист болуп калышы толук мүмкүн.  Агностиктер – Кудай эмне экендигин биле элек кишилер, аларда так аныктама жок. Ар бир адамда кудайды таанып билүүсү үчүн мүмкүндүк берген кубулуштар болушу мүмкүн. Ѳздѳрүнүн агностик экендигин билбей, жѳн гана детерминизм принциби боюнча жүргѳн кѳп сандагы агностиктер бар», – дейт Суворов.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: