© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Ош областында дин жана этностор аралык маселелер боюнча диалогдук жолугушууларды ѳткѳрдү

Кара-Суу, Араван, Ѳзгѳн райондорунун борборлору менен Ош шаарында эксперттер жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, диний ишмерлер жана калк менен бирге дин жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Мындай жолугушуулар динге жол коюучулук, толеранттуулук жана натыйжалуу бирге аракеттешүүнү, ошондой эле светтүүлүктү илгерилетүүгѳ, чыр-чатактардын алдын алууда кызыктар тараптардын кызматташтыгын жакшыртууга, зомбулук экстремизминин алдын алууга  багытталган.  

Иш-чаралар Кыргызстандагы IWPR ѳкүлчүлүгү тарабынан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик  (ЖѲБЭММА) менен биргеликте уюштурулган. 

Жолугушууларга 300 адам  – социалдык кызматкерлер, ЖѲБ ѳкүлдѳрү, жергиликтүү коомдоштуктардын лидерлери, студенттер жана диний уюмдардын ѳкүлдѳрү катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндѳ ДИМК аналитика бѳлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева,  ЖѲБЭММА  этностор аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Назар Ирсалиев жана «Мутакалим» аялдар прогрессивдүү коомдук бирикмесинин башчысы Жамал Фронтбек кызы доклад окушту.

Кыргызстандын түштүгүндѳ дин жана этностор аралык мамилелерге тийиштүү маселелер дайыма кылдаттык менен чечүүнү талап кылган тема болуп келген жана учурда толеранттуулук менен чыдамдуулукту илгерилетүүгѳ багытталган кѳптѳгѳн иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ. Ошентсе да, мамлекеттик органдар менен бейѳкмѳт уюмдар тарабынан ири маалыматтык иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, динге тийиштүү маселелерди билүүнүн деӊгээлин жогорулатуу, акторлордун ортосунда ѳз ара аракеттешүүнү жакшыртуу жана толеранттуулуктун баалуулуктарын жайылтуу үчүн  профилактикалык иштерге муктаждык бар. 

Диалогдук жолугушуулардын программасына маалымат берүүчү презентациялар, таратылуучу материалдар жана суроо-жооп сессиясы камтылган. Жолугушуулар Назар Ирсалиевдин доклады менен башталып, ал ЖѲБЭММА ишмердүүлүгү туурасында айтып берип, кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктары жана этностук толеранттуулукту жайылтуунун механизмдерине кененирээк токтолуп ѳттү.  

Диалогдук жолугушуулардын программасына маалымат берүүчү презентациялар, таратылуучу материалдар жана суроо-жооп сессиясы камтылган. Жолугушуулар Назар Ирсалиевдин доклады менен башталып, ал ЖѲБЭММА ишмердүүлүгү туурасында айтып берип, кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктары жана этностук толеранттуулукту жайылтуунун механизмдерине кененирээк токтолуп ѳттү.  

Андан кийин ДИМК ѳкүлү Гүлназ Исаева улантып, Кыргызстанда диний ишмердүүлүктү жѳнгѳ салуучу мыйзамдары тууралуу маалымат берди. Презентациянын маанилүү компоненти болуп, дин тутуу эркиндигинин баалуулуктары эсептелди. Катышуучуларга үй кыдырууга тыюу салынгандыгы жана диний билимди диний мекемелерде гана алуу мүмкүн экендиги жѳнүндѳ маалымат берилди. Г.Исаева ар бир жарандын ѳз динин тандоо укугуна ээ экендигин, ошондой эле зомбулук экстремизмине каршы күрѳшүүдѳ негизги аспап катары динге жол коюунун баалуулуктарын жайылтуунун маанисин баса белгиледи.   

Жолугушуулардын биринчи бѳлүгү светтүүлүк жана  диндин ортосундагы теӊ салмактуулук тууралуу айтып берген  Жамал Фронтбек кызынын презентациясы менен аяктады. Муну менен бирге, ал аудиториянын кѳӊүлүн маанилүү кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ жергиликтүү коомдун ролунун маанилүү экендигине, бардык акторлордун ѳз ара аракеттешүүсүнүн зарылчылыгына бурду.

Аялдардын укугун жайылтуу багытында чоӊ тажрыйбага ээ Жамал Фронтбек кызы жаш кыздарга билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоонун мааниси жѳнүндѳ айтып берди.

«Диалогдук жолугушуулардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем. Мындай иш-чара башкаларга жеке  кѳйгѳйлѳрдү айтып берүү, ошондой эле жарандарыбыздын Сирияга кетүүсүнүн кесепеттерине байланыштуу татаал суроолорго жооп алуу үчүн эӊ мыкты мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Жолугушуулар маалыматтык мүнѳзгѳ ээ,  бирок биз радикалдашуунун башка себептери менен күрѳшүү керек экендигин дагы эстен чыгарбашыбыз керек», – Тынчтыкбек Жумабаев, Жош айыл ѳкмѳтүнүн ѳкүлү.

 Иш-чаранын экинчи бѳлүгү талкуулар менен суроо-жоопторго арналды. Билим берүү мекемелеринде диний билим, кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгү, диний кийим-кечелерди кийүү, Сирия менен Ирактан кайтып келгендерди реабилитациялоо маселелери сыяктуу кылдат темалар кѳтѳрүлүп чыкты.

«Калк менен үзгүлтүксүз жолугушууларды ѳткѳрүп туруу зарыл. Күн сайын дин чѳйрѳсүнѳ тиешелүү жаӊы суроолор менен чакырыктар пайда болуп турат. Айрыкча, кыздардын билим алуусуна байланыштуу маселелерге кѳӊүл буруу талап кылынат. Тилекке каршы, белгилүү бир себептерден улам кыздарына билим алууга тыюу салышат.  Бул туура эмес. Жѳнѳкѳй эле мисал, эгер сиз кыздарыӊыз менен аялыӊыздын билим алуусун камсыздабасаӊыз, гинеколог аял кишини кайдан табасыз?», – Жамал Фронтбек кызы, «Муттакалим» АПКБ тѳрайымы.

 IWPR райондордун ар биринде ар кандай маселелерге туш болду. Кара-Суу районунун жашоочуларын жаштар арасында динчилдиктин кеӊири жайылышы тынчсыздандырып жаткандыгы белгилүү болду. Эмдѳѳдѳн баш тартуу жана дин жѳнүндѳ маалымат алууга байланыштуу чочулоолор бар экен. Араван районунда элди Жакынкы  Чыгыштан кайтып келгендерди реабилитациялоо маселеси кѳбүрѳѳк кызыктырары маалым болду.  

osh 3
osh 6
кара-суу 1
кара-суу 2
узген

Кѳпчүлүк эл репатриация процессине каршы пикирин билдирсе, жергиликтүү диний лидерлер жергиликтүү калк аялдар менен балдарды гана кабыл алуусу керек экендигин жана радикалдашууга каршы күрѳштѳ гумандуу мамиле гана жардам берерин айтышты.  

Иш-чаранын жүрүшүндѳ мыйзамдардан үзүндүлѳрдү, конфессия аралык кеӊеш тууралуу билдирүүлѳрдү, Кыргызстандагы диний кѳп түрдүүлүк, ошондой эле диалогду жайылтуу ыкмалары жѳнүндѳ маалыматтарды камтыган китепчелер таратылды.

IWPR мындай жолугушууларды 22-23-августта Жалал-Абад областында ѳткѳрүүнү пландоодо.    

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: