© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандын мектептеринде дин таануу сабагы: радикалдашууга каршы билимдер

2020-жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргызстандын бардык мектептерине  «Дин маданиятынын тарыхы» аттуу жаӊы предметти киргизүү пландалып жатат. Дисциплина беш жылдан берип апробациядланып, быйылкы окуу жылында ѳлкѳ боюнча 56 мектепте эксперименталдык сабактар ѳткѳрүлүүдѳ. 


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептин  8-классында эксперименталдык сабак деп атоого боло турган сабак ѳтүп жатат. Мектеп пилоттук мекемелердин  катарына кирип, бул жерде «Дин маданиятынын тарыхы» деп аталган жаӊы предметти апробациялоо ишке ашырылууда. Предмет бир окуу жылына эсептелип, дүйнѳ жүзүндѳгү диндер, алардын келип чыгышы, бири-биринен айырмачылыктары менен бѳтѳнчѳлүктѳрү тууралуу айтып берет.

Зайырбек Эргешов

Кыргызстан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов жаӊы предмет башында ата-энелерде түшүнбѳстүктѳр менен суроолорду жаратканын айтат.  

«Биз бул диний предмет эмес, дин таануу предмети экендигин түшүндүрүп жаттык. Биз окуучуларга  диндин ѳнүгүү маданиятына, жалпысынан эле бүтүндѳй адам баласынын прогресси менен цивилизациясынын ѳнүгүүсүнѳ кандайча таасир эткени жѳнүндѳ айтып, бул жаатта билим беребиз», – дейт Эргешов.

№10-орто мектептин мугалими Салкынай Искакова кийин түшүнбѳстүктѳр келип чыкпасын деп,  окуу жылы башталганга чейин окуучулардын ата-энелерин чогултуп, жаӊы предмет жѳнүндѳ кенен маалымат берип, кандайдыр бир динди үгүттѳѳнү максат кылбагандыгын түшүндүргѳн.

«Мугалим сабакта бардык диндерге бейтарап мамиле кылып, баланын ѳз динине карата сезимдерине зыян келтирип албоого аракет жасашы керек. Ал жалпы билим берип, балдардын дин эмне экенин түшүнүүсүнѳ жардам берүүгѳ тийиш», – деп эсептейт Искакова.

«Дин маданиятынын тарыхы» предмети – бул Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, ошондой эле эксперт-дин таануучулар менен Кыргызстандагы түрдүү конфессиялардын ѳкүлдѳрүнүн биргелешкен иш-аракетинин натыйжасы.

Дин таануучу Индира Асланованын айтуусу боюнча, предмет дүйнѳ жүзүндѳ кандай диний салттар болгону жана учурда бар экени, алардын маданиятка кошкон салымы тууралуу түшүнүк берет.

Бул жагынан сабак окуучуларды дүйнѳтаанымдык компетенциясын кеӊейтүүгѳ,  диний феномендер – ѳтѳ күчтүү, ар кандай экендигин жана маданиятка ар башкача таасир  бергендигин, ошондой эле дүйнѳ биз билген же биз туткан дин менен гана бүтүп калбагандыгын, бул аябагандай чоӊ жана түрдүү  дүйнѳ экендигин кѳрсѳтүүгѳ багытталган.

Предметти апробациялоо беш жылдан бери жүргүзүлүп келе жатат. Окуу китебин жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмону даярдап чыгууга кѳп кѳӊүл бурулууда. Предмет үзгүлтүксүз толукталып, кээ бир жерлери жѳнѳкѳйлѳштүрүлүүдѳ. Жооптуу адистер башкы милдет – окуу китебин максималдуу деӊгээлде түшүнүктүү, туура жана бардык диндерге карата негиздүү, ошондой эле мазмундуу кылып түзүү экендигин айтышат.

Зайырбек Эргешовдун айтымында, окуу китебинин алгачкы варианты татаал, академиялык тилде жазылган. Бирок, акырындап отуруп, предметти окуучулар менен мугалимдер үчүн түшүнүктүү, жеткиликтүү тилде кайра даярдап чыгышкан. 

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Билим берүүнү ѳнүктүрүү бѳлүмүндѳ предмет боюнча аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча отчёт жазып, тийиштүү оӊдоолор жана тактоолор туурасында сунуштарды киргизген ар бир мугалимдин пикири эске алынат. Учурда окуу китеби менен мугалимдер үчүн методикалык колдонмону басып чыгарууга даярдыктар кѳрүлүп жатат. Билим берүү министрлиги бул боюнча тендер жарыялаган.

Апробацияга жалпысынан ѳлкѳ боюнча 56 мектеп катышып, үч жүзгѳ жакын окуучу камтылган. Алты мектеп – Бишкек шаарынын мектептери. 

«Бул биздин балдарга абдан эле керек предмет экендиги аныкталды. Себеби, мусулман же христиан дининен башка дагы кѳптѳгѳн диндер бар экендигин түшүнүү – жакшы натыйжаларды берет. […] Балдар эмдѳѳдѳн баш тарткан кѳп эле учурларды угуп, кѳрүп жүрѳбүз. Бул дагы дин жѳнүндѳ туура эмес түшүнүктүн кесепети. Балдар гана эмес, ата-энелери дагы туура эмес түшүнүккѳ ээ. Бул предметти окуш керек, болгондо да жакшылап, тереӊ окуш керек. Курстун башкы максаты мына ушунда», – деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Билим берүүнү ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башкы адиси Чынара Бактыгулова.

] Билимди колдонуп, биз радикалдашуу менен экстремизге каршы күрѳшѳбүз.

Окуу китебинде ар бир диндин туура сыпатталышын камсыздоо үчүн  «Дин маданиятынын тарыхы» мектеп предметин талкуулоо иш-аракетине диний конфессиялардын ѳкүлдѳрү, теологдор, дин таануучулар тартылган. Бирок, диний конфессиялардын ѳкүлдѳрү сабак бербей тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган. Ошондуктан, курсту тарых жана «Адам жана коом» сабактарын берген мугалимдер ѳтүшѳт. Сабактын светтик предмет экендиги баса белгиленүүдѳ.

«Биз балдарда иммунитет калыптануусун кѳздѳйбүз. Билимди колдонуп, биз радикалдашуу менен экстремизге каршы күрѳшѳбүз. Башкы максат – жаштар арасында, жарандардын ичинде конфессия аралык диалогдун, конфессия аралык мамилелердин түзүлүшүн камсыздоо. Биз ар түрдүү маданияттарга, ар түрдүү диндерге сый-урмат менен мамиле жасоого милдеттүүбүз», – деп белгилейт Эргешов

Педагогдор профилдик республикалык институтта квалификацияны жогорулатуу курсунан ѳтүшѳт. Пилоттук мектептерде курсту окутуп жаткан мугалимдердин тийиштүү сертификаттары бар жана башка мектептердеги кесиптештери менен тажрыйба бѳлүшүүгѳ даяр.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: