© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Диний коомдор заманбап технологияларды кантип ѳздѳштүрүүдѳ?

Ар кандай диндердин ѳкүлдѳрү заманбап технологияларды активдүү колдонууга аракет жумшап жаткан мезгил. Коммуникация каражаттарынын ѳнүгүүсү ишенимдердин жаӊы жолдоочуларын табуу, ич ара баарлашуу, башка диндер менен ишенимдер тууралуу билүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктѳрдү түзүп берүүдѳ.  


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Бишкектеги  протестант христиандардын ѳтѳ чоӊ эмес чиркѳѳсүндѳ жекшемби күнкү майрамдык  кызмат иш-чарасы ѳтүп жатат. Кызмат салттуу түрдѳ музыкалык мактоо менен башталат. Жакындан бери бул чиркѳѳдѳ жаӊы технологиялар колдонула баштады. Атайы смартфон сатып алып, интернетке кошуп, анын жардамы менен популярдуу социалдык тармактардын бири аркылуу түз эфирге чыгышат. Эми дүйнѳнүн ар кайсы жеринде жашаган бардык каалоочулар топко кошулуп, алар менен бирге  үгүт-насааттарды уга алат.

Мындай ыкма кайсы бир себептен улам жеке ѳзү келе албай калгандар үчүн алдын-ала эсептелген. 

«Онлайн – бул укмуштуудай сонун нерсе экен. Мен телефонумду жаныма алып, үйдѳ жумуштарымды жасап жүрүп эле үгүт-насаатка катышып аны уга алам, ошондой эле  ал жерде эмне болуп жатканын кѳрүп турам. Жеке мен абдан кубанычтамын, себеби, чогулуштарды калтыргым келбейт, ошол эле учурда ал жерге барууга физикалык жактан дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт.  Бул биз үчүн эӊ мыкты жаӊылык», – деп бѳлүшѳт мүчѳлѳрдүн бири Екатерина Борец.

Аркадий Ким. Photo: CABAR.asia

Алар ѳз эфирлерин кеӊири жарнамалашпайт, кѳрсѳтүүлѳрдүн даректерин чиркѳѳнүн мүчѳлѳрү жана чет ѳлкѳгѳ кетип, жамааттан ажырагысы келбегендер гана билет.   

«Биз кишилердин санын кѳбѳйтүүнү кѳздѳбѳйбүз. Адамдын кандайдыр бир маалымат алуу ниети жана маалыматтын ал адамга пайда алып келүүсү –  биз үчүн абдан маанилүү, бул –  чындап эле ѳтѳ кымбат нерсе» – дейт пастор Аркадий Ким.

Ал бул мүмкүнчүлүктүн   абдан эле ыӊгайлуу экендигин белгилѳѳ менен,  жаштардын социалдык тармактарды максатка ылайык колдонуусун каалай тургандыгын, себеби, интернет мейкиндигинде бардык нерсени табуу мүмкүн болгондугуна карабастан, пайда алып келе турган нерселерди гана колдонуш керек экендигин айтат.

«Батюшка Love»

Заманбап коммуникация аспаптары бул жерге – Бишкектеги орус православдарынын чиркѳѳсүнѳ да келди. Жаӊылыктар, православдык календарь жана динчилдер үчүн керек болгон бардык маалыматтар ѳздѳрүнүн сайтына жайгаштырылат.

Виктор Штыркин. Photo: CABAR.asia

Кызматчылардын бири  – диакон Виктор Штыркин  видеоблог алып барат. Долбоор «Батюшка Love» деп аталат. Социалдык тармактар аркылуу Кыргызстанда  жана башка мамлекеттерде жашаган динчилдер түздѳн-түз динаяттын ѳкүлүнѳ ѳздѳрүн кызыктырган суроолорун берип, аларга жооп ала алышат.

Блогдун аудиториясы ѳтѳ эле түрдүү дейт Виктор. Кызматчы  маалыматты заманбап тилде берүүгѳ аракет кылат. Инстаграм мейкиндигиндеги кѳрүүчүлѳрдү негизинен 12 жаштан 25-30 жашка чейинки жаштар түзѳт.

«Долбоор чындап эле илгерилеп жатат. Биз 20-30 киши менен баштаганбыз, азыркы учурда жалпы жонунан 8-9 миӊден ашык катталуучубуз бар. Бул жакшы кѳрсѳткүч», – деп кошумчалады Виктор Штыркин.   

Photo: CABAR.asia

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында да ушул сыяктуу долбоорду баштатууну пландап жатышат. Бул жерде да интернетти активдүү колдонушат. Азыркы этапта «суроо-жооп» схемасына суроо-талап жогору. Сайтка динчилдерден ѳтүнмѳлѳр келип түшѳт, аларды кызматчылар иштеп чыгышат жана максималдуу толук жоопторду беришет.    

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бѳлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулунун айтуусу боюнча,  сайт азыр толук иштелип чыгууда. Муну менен бирге, муфтиятта каалоочулар жоопторду онлайн режиминде алуу, ал тургай насаат-үгүт иштерин интернет аркылуу кѳрүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло тургандыгын, бирок мунун баары мечитке баруу милдетинен бошотпойт деп белгилешет.

Photo: CABAR.asia

Профессор, теолог Кадыр Маликов видеороликтерди, чакан лекцияларды жана ислам динине байланыштуу темаларда талкууларды жаздыруу иш-аракетине кѳп катышат. Бул максатта «Ислам Хауз» каналы түзүлгѳн.

«Биздин башкы максатыбыз – интернет аркылуу жаштарга ислам түшүнүгүн жеткирүү. Тактап айтканда, интернет аркылуу билим берүү. Ошондуктан, белгилүү бир багыт боюнча кыска метраждуу роликтерди тартууга аракет кылабыз. Негизинен, бул диний жана адеп-ахлактык темалар. Кээ бири тарбиялык, айрымдары окутуу максатындагы роликтер», – деп түшүндүрѳт теолог. 

Кадыр Маликовдун пикири боюнча, дүйнѳ жүзүндѳ жаштардын кээ бир топторунун радикалдашуусу жетиштүү билимге ээ болбогондуктан, анын ичинде ислам жѳнүндѳ туура, такталган маалыматтын жетишсиздигинен улам келип чыгууда. 

«Бүгүнкү күндѳ жаштардын акыл-эси үчүн күрѳш жүрүүдѳ, жана бул күрѳштѳ, акыл-эс үчүн согушта, тилекке каршы айрым жерлерден утулуп калуудабыз. Мечиттерде биз айтып бергендерден тышкары,  азыркы имамдар тарабынан  тийиштүү билимдердин интернет, социалдык тармактар аркылуу жѳнѳкѳй, түшүнүктүү жана жаштардын тилинде жеткирилүүсү зарыл болгон убакыт келди», – деп эсептейт Кадыр Маликов.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: