© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Шииттердин Кыргызстандагы жалгыз мечитинен репортаж

Кыргызстандагы он эки имам шииттеринин жападан жалгыз мечити Бишкек шаарында жайгашкан.  


Подпишитесь на наш канал в Telegram!

Макала Арген Бактыбек уулу менен биргелешип даярдалды.

*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

Кыргызстанда ѳздѳрүн белгилүү бир диний агымга таандык деп эсептеген жарандардын санын аныктоо мүмкүн эмес. Ушундай эле абал Кыргызстанда жашаган шииттердин коомуна да тийиштүү. Ильгар ажы Раджов –  шиит мечитинин имамы – бизге бул маселени түшүндүрүп берүүгѳ макул болуп, мечиттин ишмердүүлүгү жѳнүндѳ айтып берди. 

Имам Али мечитинин кѳк кумпасы. Photo: CABAR.asia

Он эки имам шииттеринин мечити Бишкектин тынч райондорунун биринде жапыз тамдардын арасында орун алган. Имараттын кѳтѳрүӊкү чыгып турган кѳк кумпасын алыстан эле кѳрүүгѳ болот. Имарат ѳтѳ бийик эмес дубал менен курчалып, анын ичинде чыгыш стилинде жасалгаланган короосу бар.

Ильгар Раджов. Photo: CABAR.asia

Мечит азербайжан диаспорасынын демилгеси менен 2002-жылы курула баштаган. Бул – бүтүндѳй Кыргызстан үчүн жалгыз мечит. Имам Ильгар Раджовдун айтуусу боюнча, керектүү документтердин баары: Юстиция министрлигинин күбѳлүктѳрү, муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Бишкек башкы архитектурасы жана башка ведомстволор тарабынан берилген  уруксат кагаздары ѳз   убагында чогултулуп, жолжоболоштулурган.

Расмий ачылыш аземи 2004-жылдын 18-февралында ѳтүп, мечитке Имама Али аты ыйгарылган.

Биз маектешүүгѳ имам жакын арада мечитте боло турган иш-чаралар боюнча укук коргоо органдары үчүн отчет даярдап жаткан учурда барып калдык. Майрам же расмий жолугушуулар ѳткѳн убакта жагымсыз окуяларга жол бербѳѳ максатында, район укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынат. 

Шиит мечитинин имамы бизди жылуу тосуп алып, экскурсияны баштадык.

Ибадатканага кире бериште сол жана оӊ тарабында бут кийимдерди коюу үчүн текчелер орнотулган экен, – мечитке бут кийимчен кирүүгѳ болбойт. 

Биринчи кабаттагы негизги залда кирген эшиктин маӊдайында «минбар» деп аталган трибуна – имам насаат айта турган бийик  орун жайгашкан.

Кире бериштин сол жагында «мухр» – пайгамбар жана анын жолдоочулары сыяктуу шииттер жүгүнѳ турган бир тоголок пресстелген топурак үчүн текче орнотулган. 

«Бизде пайгамбарыбыз Кудай бизге тазалануу жана «сажда» кылуу үчүн топурак бергендигин айткан хадистер бар. Ислам дини суу жок жерде намаз окуу үчүн топурак менен тазаланууга уруксат берет. Шииттер сажда топуракка жасалышы керек деп ишенет», – дейт Раджов.

Анын айтымында, мурун мечиттер башкача – курма багынын бутактары менен жабылган түркүктѳр формасында гана болгон. Топуракка жыгылышкан. Ушул себептүү, шииттер, сажда кылганда пресстелген топурак буюм –  мухрга чекесин тийгизишет. 

Мухр – шииттер саждада чекесин тигизе турган бир тоголок пресстелген топурак. Photo: CABAR.asia
Имам минбарга отуруп насаат айтат. Photo: CABAR.asia
Шииттер Курман айт намазында топуракка сажда кылышат. Photo: CABAR.asia

Негизги кире бериш жердин сол жагында жогоруну кѳздѳй алып барган тепкич бар. Ал жерде аялдар намаз окушат. Экинчи кабаттан алар негизги залда болуп жаткандарды кѳрѳ алышат. Ал эми чок ортодо негизги залда болуп жаткан окуяларда реалдуу мезгил режиминде кѳрсѳтѳ турган телевизор орнотулган.

Мечитте балдар менен чогуу келген аялдар үчүн жер тѳшѳктѳр салынган ѳзүнчѳ бѳлмѳ да каралган.

Ибадаткананын экинчи кабаты, аялдардын бѳлмѳсүPhoto: CABAR.asia

Мечит микрофондор жана үндүн жакшы угулушун камсыздоочу бир нече динамиктен турган система менен жабдылган. Бул жерде үгүт-насааттар азербайжан жана фарс тилдеринде айтылса, Курандагы хадистер менен аяттарды араб тилинде баяндашат.

Мечиттин «мехрабы» (намаз учурунда имам турган жер – авт.түш.) ыйык китептеги аяттар чагылдырылган керамика менен жасалгаланган.

Имамдын минбарынын артында жайгашкан керамика. Photo: CABAR.asia

Шиизм тууралуу

Шиизм менен суннизм ислам дининин негизги бутактары болуп эсептелет. Эки агымдын жолдоочулары теӊ Мухаммед Пайгамбарды ыйык тутушат, ыйык китеп катары Куранды таанышат, касиеттүү Меккеге багытталып беш маал намаз окушат, Рамазан айында орозо кармашат, зекет (акчалай кайыр-садага – ред.түш.) беришет жана башка кѳптѳгѳн окшоштуктарга ээ. 

Ошентсе да, алардын эӊ негизги айырмачылыгы – сунниттердин Пайгамбардын ѳлүмүнѳн кийин анын берилген ѳнѳктѳштѳрү Абу Бакр ас-Сиддиктин, андан кийин Умар ибн аль-Хаттаб, Усман ибн Аффан жана Али ибн Абу Талибдин ѳкүмдарлыгын таанып, кийин аларды такыба халифтер деп жарыялаганында. 

Ал эми шииттер, ѳз кезегинде Али ибн Абу Талибди жана анын тукумун гана мусулмандардын мыйзамдуу ѳкүмдарлары катары эсептешкен. Убакыттын ѳтүшү менен сунниттер сыяктуу эле, шииттер коомунун ичинен ѳз алдынча агымдар пайда болгон.

Бирок, бүгүнкү күндѳ шииттер тууралуу кеп болгондо, кеӊири жайылгандыгына байланыштуу он эки имам шииттерин айтышат. Бул агымдын ѳкүлдѳрү Иран, Азербайжан, Бахрейн, Ирак, Ливан, Йемен, Афганистан, Түркия жана башка ѳлкѳлѳрдүн аймактарында жашашат. Pew Research Center (изилдѳѳ борбору, АКШ – ред.түш.изилдѳѳсү  боюнча, шиит мусулмандардын саны дүйнѳ жүзүндѳгү мусулмандардын жалпы санынын 10-13 пайызын түзѳт.  

Он эки имам шииттери ѳздѳрүнүн башкаруучулары катары Али ибн Абу Талиб менен Фатма Захранын (Пайгамбардын кызы – авт.түш.) тукумунан чыккан 12 такыба имамды эсептешет. Ошону менен бирге эле, алар акыркы «кайып» имам Махди учуру келгенде мессия сыпатында кайтып келерине ишенишет. Он эки имам шииттери бүгүнкү күнгѳ чейин бул окуяны күтүп келишет.

«Кыргызстанда ѳз үйүмдү таптым»

Кѳптѳн бери шиит мечитинин мүчѳсү болуп жүргѳн  Али Мансури анын шиизмге келип калуу себебин сураганыбызда, бир аз абдырап калды.

Мен хазармын, Афганистандык түркмѳнмүн жана тѳлѳргѳндѳн бери эле шиитмин. Кыргызстанда ѳз үйүмдү таптым. 10 жылдан бери качкын макамы менен бул жерде жашайм.

Али Мансури уулу менен. Photo: CABAR.asia

Кыргыз кызына үйлѳнгѳм, үч балабыз бар. Мен ѳзүмдү бул жакта чоочун деп сезбейм. Кыргызстан – абдан эркин ѳлкѳ жана диний жактан мен эч качан бирѳѳ тарабынан терсаяктыкка же агрессияга кабылган жокмун.

Имама Али мечитине үзгүлтүксүз келип турабыз, бирок ошол эле учурда башка мечиттерге барып, башка бир туугандар менен намазыбызды окуй беребиз. Бул балдарыма да тиешелүү.

Кээде, намаз учурунда сажда кылууда колдонгон ташты кѳргѳндѳрдүн таӊ калганын байкайм.  Бирок, мен бул мухр экендигин айтканда, дароо түшүнүшѳт.

Имам Ильгар Раджов Ирандын Кум шаарындагы Джамият уль Мустофа университетинде окуп,  Худжат уль-Ислам диний даражасына ээ болгон. Бул даража – шииттердин эӊ жогорку диний титулдарынын бири.

«Мени ѳлкѳгѳ азербайжан диаспорасынын ѳкүлдѳрү чакырган. Алгач, Улуттук университетте (Ж.Баласагын атындагу КУУ – ред.түш.), андан соӊ Бишкек гуманитардык университетинде (2019-жылдын июль айынан баштап Бишкек мамлекеттик университети – ред.түш.) фарс тили мугалими болуп эмгектендим. Кийинчерээк имамдын милдеттерин аткара баштадым, ѳлкѳдѳ жашоого укук берүүчү документти, андан соӊ Кыргызстандын жарандыгын алдым. Эми мен Кыргыз Республикасынын жаранымын», – дейт Раджов.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанда 17 миӊге жакын азербайжан улутундагы жаран жашайт жана алардын кѳпчүлүк бѳлүгү – шииттик агымдын ѳкүлдѳрү. Кѳбү ѳлкѳнүн түштүк бѳлүгүндѳ, калгандары түндүк аймактарында жашашат. Бирок бул мечитке негизинен борбор калаанын жашоочулары келишет.

Имам диний иш-чаралар ѳткѳн мезгилде мечитке 150дѳн 350гѳ чейин адам чогуларын билдирди.

Биздин мечитке бир гана шииттер келбейт. Бул жерге сунниттик агымдын ѳкүлдѳрү да келип, намаздарын окушат. Алар үчүн биздин эшик ар дайым ачык. Ислам дининин ѳзѳгү биримдикте, жана биз бул багытты жолдоого аракет кылабыз.

Анын айтымында, мечитке келүүгѳ жетишпей калган шииттер дагы сунниттердин мечитине кирип, намазын окуй алышат. 

«Шииттер диний майрамдарда башка мусулмандар менен бирге борбордун аянтына намазга барышат, жергиликтүү имамдарды «ѳз киши» деп  кабыл алышат. барып намазга жыгылышат. Менимче, шииттер менен сунниттердин ортосундагы кагылышууга байланыштуу маселелерди күчѳтүүгѳ аракет жасап жаткандар – ислам дининин душмандары. Аллах ѳзүнүн ыйык китебинде динге ишенгендердин баары бир тууган экендигин айтат. Бул Кудайдын сѳздѳрү. Ошондуктан, динчилдердин ортосундагы бир туугандык мамилелер сакталууга тийиш», – дейт имам.

Намаздан кийин келгендер ыйык сѳздѳрдү айтып, зикир чалышат. Photo: CABAR.asia
Коомдун мүчѳсү Эйд Гадире Хум майрамында Имама Алиге арналган ырды окуп жатат. Photo: CABAR.asia
Мечитке келгендер Имамга намазынын Аллах тарабынан кабыл алынышын каалап кетишет. Photo: CABAR.asia

Мечит ыктыярдуу кайырлардын эсебинен жашайт. Ай сайын коммуналдык кызматтар үчүн тѳлѳмдү ыктыярдуу коом мүчѳлѳрү ѳздѳрү тѳлѳшѳт, калган бардык финансылык маселелерди да коом ѳз алдынча чечет. Имамдын айтуусу боюнча, мечит иштеген мезгил бою жардам берүүдѳн баш тарткан киши болгон эмес.

Кайыр-садагалар дайыма эле чогултула бербейт, бирок Рамазан айында ыктыярдуу кайырлар үчүн куту орнотуп коюшат. Муфтияттын ѳкүлдѳрү ага пломба коюп, аны ыйык айдын соӊунда  ачышат. Чогулган каражаттардын 50 пайызын мечит муфтиятка берет, калган бѳлүгүн муктаждарга таратат.

Мындан тышкары, мечит кайрымдуулук иштерине да катышат, даректик жардам жетим балдарга жана карылар үйүнѳ берилет. Айрым учурларда кээ бир мекемелер тамак-аш ѳнүмдѳрүнүн ордуна имараттарды оӊдоп-түзѳѳ үчүн акча каражаттарын топтоп берүүнү суранышат. Буга да коомдун мүчѳлѳрү чын кѳӊүлү менен жардам берүүгѳ даяр.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.