© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR жергиликтүү калкка дин тутуу эркиндиги, конфессия аралык диалог жана тынчтык коомун түзүүгѳ арналган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун борборлорунда жана Жалал-Абад шаарында эксперттер жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, диний ишмерлер жана калк менен бирге дин жана тынчтык коомун түзүү чѳйрѳсүндѳгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Базар-Коргон районунун Совет айылынын тургундары менен «Иегованын күбѳлѳрү» диний уюмунун ѳкүлдѳрүнүн ортосунда чыккан чыр-чатактан кийин Кыргызстандагы IWPR ѳкүлчүлүгү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖѲБИЭММА) менен бирге калктын ичинде диалогдук жолугушууларды ѳткѳрдү.

Жолугушуулар башка диндерге карата сабырдуу мамиле кылуу, толеранттуулук, светтүүлүк жана натыйжалуу аракеттешүүнү илгерилетүүгѳ, ошондой эле чыр-чатактардын алдын алуу жана  зомбулук экстремизмине жол бербѳѳдѳ  тийиштүү тараптардын кызматташуусун жогорулатууга багытталган.

Иш-аракетке социалдык кызматкерлер, ЖѲБ ѳкүлдѳрү, жергиликтүү коомдордун лидерлери, студенттер жана диний уюмдардын ѳкүлдѳрү болуп, жалпысынан 284 киши катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндѳ ДИМК аналитика бѳлүмүнүн башчысы Гульназ Исаева,  ЖѲБИЭММА этнос аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Назар Ирсалиев жана  «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы доклад окушту.

2010-жылдан тарта эл аралык донордук уюмдардын кѳпчүлүгү этнос аралык ынтымак, радикалдашуу жана зомбулук экстремизминин алдын алуу чѳйрѳсүндѳ Сузак жана Базар-Коргон райондоруна кѳбүрѳѳк кѳӊүл бура баштаган. Акторлор тарабынан чоӊ иштер аткарылганына карабастан, аймакта терсаяктык кѳрүнүштѳрү дагы деле байкалууда.

Жергиликтүү тургундардын маанайын аныктоо, светтүүлүк принциптерин, конфессия аралык диалогдун маанисин андан да натыйжалуу түшүнүүнү, ошондой эле башка динге сабырдуулук менен мамиле кылууну жогорулатуу максатында жолугушуу программаларына дин саясаты боюнча толук маалымат камтыган презентациялар да киргизилген. Ал эми суроо-жооп сессиясында жергиликтүү жашоочулар ѳз  кѳйгѳйлѳрү жѳнүндѳ ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алышты.

Жолугушуулар ЖѲБИЭММА ишмердүүлүгү, ошондой эле  кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктары жана этностук толеранттуулукту илгерилетүүнүн механизмдери тууралуу толук маалымат камтыган Назар Ирсалиевдин доклады менен башталды.

Андан кийин иш-чараны Гульназ Исаеванын (ДИМК) презентациясы улантып, Кыргыз Республикасынын диний ишмердүүлүктү жѳнгѳ салуучу мыйзамдары тууралуу ийне-жибине чейин маалымат берилди. Дин тутуу эркиндигинин баалуулуктары презентациянын маанилүү компоненти боло алды. Катышуучуларга үй кыдырууга тыюу салынгандыгы, диний билимди диний мекемелерде гана алуу мүмкүн экендиги тууралуу  маалымат берилди. Ошондой эле, ал ар бир жаран ѳз динин тандап алууга укуктуу экендигин жана зомбулук экстремизмине каршы күрѳшүү аспабы катары башка динге жол берүү баалуулуктарын жайылтуунун маанисин баса белгиледи.

Аталган презентациялардын жыйынтыктары боюнча жашоочулар спикерлерге кѳптѳгѳн суроолорду беришти. Кээ бирлерин мектептерде диний кийим-кече кийип жүрүүгѳ байланышкан маселе кызыктырса, башкалары диний уюмдардын миссионерчилигинин мыйзамдуулугу боюнча суроо узатышты. Жашап калган муундагы катышуучулар калктын динчилдик деӊгээли ѳсүп, муундардын ортосунда бир туӊгуюк пайда болгондугун белгилешти. Спикерлер тарабынан  коомдун инклюзивдүүлүгүнѳ, «биз» жана «силер» деп бѳлүүгѳ жол берилбешине  басым жасалды. Алар элдин баары жарандуулуктун айланасында биригүүсү керектигин жана ар кыл пикир келишпестиктер укук талаасында чечилүүгѳ тийиш экендигин белгилешти.

Жолугушуулардын модератору Жамал Фронтбек кызы кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ жарандык активдүүлүк мамилесинин мааниси тууралуу айтып берди. Аялдардын укуктарын коргоо багытында чоӊ тажрыйбага ээ болуу менен, ал кыздар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселесине кѳбүрѳѳк токтолду.

Спикер кѳтѳрүп чыккан дагы бир курч маселе Сирия менен Ирактан кайтып келген Кыргызстандын жарандарына байланыштуу болду. Калк үчүн бул жаӊы процесс болгондуктан, кѳпчүлүк эл ага карата жеке позициясын аныктай элек экендигин айта кетүү зарыл. Спикерлер мамлекет кѳйгѳйгѳ карата гумандуу мамиле жасагандыгын жана балдар менен аялдарды кайтарып келүү зарыл экендигин да ѳзгѳчѳ белгилеп кетишти. 

Диалогдук жолугушуулардын жүрүшүндѳ  IWPR калктын ичинде ар түрдүү пикирлер менен ар түрдүү билим деӊгээлдеринин бар экендигин кѳрѳ алды. Албетте, калктын билим деӊгээлин сурамжылоолордун же кеӊири маектешүүлѳрдүн натыйжасында гана толугураак аныктоо мүмкүн, ошентсе да, мындай жолугушуу ыкмасы жергиликтүү жашоочуларды кѳбүрѳѳк кызыктыра турган темаларга байланыштуу суроого жооп табууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, коомдогу кѳйгѳйлѳрдү чечүү үчүн иш-аракеттерди күчѳтүү максатында кызыкчылыгы бар тараптардын ортосунда мындай жолугушууларды ѳткѳрүп туруу зарыл экендигин айта кетмекчибиз.    

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: