© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR жергиликтүү калкка дин тутуу эркиндиги, конфессия аралык диалог жана тынчтык коомун түзүүгѳ арналган маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

 

Баткен шаарында жана Кадамжай, Кызыл-Кыя райондорунун борборлорунда эксперттер жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, диний ишмерлер жана калк менен бирге дин чѳйрѳсүндѳгү актуалдуу маселелерди талкуулап, кылдат маселелерди түшүндүрүштү.

Чек арага байланыштуу маселелердеги чыӊалууну эске алып, Кыргызстандагы IWPR ѳкүлчүлүгү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия (ДИМК) жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖѲБИЭММА) менен бирге дин чѳйрѳсүндѳгү кѳйгѳйлѳр жана маселелерди талкуулоо максатында жергиликтүү калк менен жолугушууларды ѳткѳрдү. Бул жолугушуулар профилактикалык мүнѳздѳ болуп, биринчи кезекте радикалдашуунун алдын алууга, кызыкчылыгы бар тараптардын ортосунда ѳз ара түшүнүүнү жана калктын, диний лидерлердин, ЖѲБ ѳкүлдѳрүнүн натыйжалуу кызматташуусун жогорулатууга багытталган.   

Жолугушуулар мамлекеттин этностук жана диний саясатын түшүндүрүү жана калк менен бул маселелерди талкуулоо болуп эки бѳлүктѳн түзүлдү.  Иш-чаранын жүрүшүндѳ ДИМК аналитика бѳлүмүнүн башчысы Айбек Иминов,  ЖѲБИЭММА этнос аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Назар Ирсалиев жана  «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы доклад окушту.

Иш-аракетке социалдык кызматкерлер, ЖѲБ ѳкүлдѳрү, жергиликтүү коомдордун лидерлери, студенттер жана диний уюмдардын ѳкүлдѳрү болуп, жалпысынан 225 киши катышты. 

Жергиликтүү тургундардын маанайын аныктоо, светтүүлүк принциптерин, конфессия аралык диалогдун маанисин андан да натыйжалуу түшүнүүнү, ошондой эле башка динге сабырдуулук менен мамиле кылууну жогорулатуу максатында жолугушуу программаларына дин саясаты боюнча толук маалымат камтыган презентациялар да киргизилген. Ал эми суроо-жооп сессиясында жергиликтүү жашоочулар ѳз  кѳйгѳйлѳрү жѳнүндѳ ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алышты.

 

Иш-чара ЖѲБИЭММА ишмердүүлүгү, ошондой эле  кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктары жана этностук толеранттуулукту илгерилетүүнүн механизмдери тууралуу толук маалымат камтыган Назар Ирсалиевдин презентациясы менен башталды.

Андан кийин иш-чараны Айбек Иминовдун (ДИМК) презентациясы улантып, Кыргыз Республикасынын диний ишмердүүлүктү жѳнгѳ салуучу мыйзамдары тууралуу маалымат берилди. Дин тутуу эркиндигинин баалуулуктары презентациянын маанилүү компоненти боло алды. Катышуучуларга үй кыдырууга тыюу салынгандыгы, диний билимди диний мекемелерде гана алуу мүмкүн экендиги тууралуу  маалымат берилди. Ошондой эле, ал ар бир жаран ѳз динин тандап алууга укуктуу экендигин жана башка динге жол берүү баалуулуктарын жайылтуунун маанисин ѳзгѳчѳ белгилеп ѳттү.

Аталган презентациялардын жыйынтыктары боюнча жергиликтүү жашоочулар спикерлерге кѳптѳгѳн суроолорду беришти. Булардын ичинен эӊ актуалдуусу болуп, Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын эмдѳѳдѳн баш тартуусуна байланышкан маселе кѳтѳрүлүп чыкты. Санитардык-эпидемиологиялык станциянын ѳкүлүнүн берген маалыматы боюнча,  2019-жылы жалпысынан 228 жаран эмдѳѳдѳн баш тартса, алардын ичинен 226 киши диний себептерден улам макул болгон эмес. Дагы бир тынчсыздандырган кѳйгѳй – бул окуу жайларында диний кийим-кече кийип жүрүү.  

“Аймактарды ѳнүктүрүү жылынын алкагында калк менен «бетме-бет» жолугушуп туруу абдан маанилүү. Диний лидерлер, ЖѲБ, жергиликтүү калк мамлекеттин диний саясатын аӊдап түшүнүүгѳ муктаж. Мындай жолугушуулар светтүүлүк принциптерин түшүндүрүп берүүдѳ абдан эле чоӊ жардам берет. Ѳзүбүз күбѳ болгондой, элде диний кийим-кечеге, «Таблиги – Джамаъат» кыймылына жана эмдѳѳгѳ байланыштуу суроо ѳтѳ кѳп. Ошондой эле катышуучулардын арасында дин тутуу эркиндиги менен светтүүлүк принциптерин түшүнүү жана маалымат берүүдѳ карама-каршы пикирлер да арбын. Бул иш-чаралар бир эле жолу ѳтүп токтоп калбастан, андан ары уланат жана ѳлкѳнүн башка аймактарын да камтыйт деген үмүттѳбүз”, – деп билдирди ДИМК аналитика бѳлүмүнүн адиси Айбек Иминов.

Жолугушуулардын модератору Жамал Фронтбек кызы светтүүлүк принциптери, балдарды эмдѳѳнүн зарылчылыгы жана кыздар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо керек экендиги тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, ал жарандык активдүүлүк боюнча жеке тажрыйбасы менен бѳлүшүп, аудиторияны ээ болгон билимдерин ѳз калкына жайылтуу иш-аракетине активдүү  катышууга чакырды.

«Дин маселелерине тийиштүү бул итеративдүү лекциялардын демилгелчилери менен уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем. Бизде мурунтан бери тыюу салынган уюмдар тууралуу квалификациялуу маалымат алуу муктаждыгыбыз бар эле. Себеби, бул иш-аракет кылмыш жоопкерчилигине тарта тургандыгын эл билбейт. Бүгүн катышуучулар кѳптѳгѳн суроолорго жооп ала алышты, ошентсе да калк ичинде светтүүлүк принциптерин туура жана так түшүндүрүп берүүдѳ диний лидерлердин кѳбүрѳѳк тартылуусун камсыздоону сунуштайт элек», – деп билдирди Баткен областы боюнча ЖѲБИЭММА жооптуу катчысы Абсалам Абдраимов.

Аудитория кѳтѳрүп чыккан дагы бир маселе – ЖѲБ менен диний лидерлердин ортосунда натыйжалуу кызматташтыктын жоктугу. Таасирдүү мамилени камсыздоо үчүн мектеп окуучулары менен никелешүү, эмдѳѳ жана диний практика маселелери боюнча биргелешип иш алып баруу зарыл. Мындан тышкары, Сирия менен Ирактан кайтып келген Кыргызстандын жарандарына байланыштуу маселе дагы кызуу талкуу жаратты. Калк үчүн бул жаӊы процесс болгондуктан, кѳпчүлүк эл ага карата жеке позициясын аныктай элек экендигин айта кетүү керек. Спикерлер мамлекет кѳйгѳйгѳ карата гумандуу мамиле жасагандыгын жана балдар менен аялдарды кайтарып келүү зарыл экендигин да ѳзгѳчѳ белгилеп кетишти

Диалогдук жолугушуулардын жүрүшүндѳ  IWPR калктын ичинде ар түрдүү пикирлер менен ар түрдүү билим деӊгээлдеринин бар экендигин кѳрѳ алды. Албетте, калктын билим деӊгээлин сурамжылоолордун же кеӊири маектешүүлѳрдүн натыйжасында гана толугураак аныктоо мүмкүн, ошентсе да, мындай жолугушуу ыкмасы жергиликтүү жашоочуларды кѳбүрѳѳк кызыктыра турган темаларга байланыштуу суроого жооп табууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, коомдогу кѳйгѳйлѳрдү чечүү үчүн иш-аракеттерди күчѳтүү максатында кызыкчылыгы бар тараптардын ортосунда мындай жолугушууларды ѳткѳрүп туруу зарыл экендигин айта кетмекчибиз.  

 

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: