© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда атуулдук жана динчилдик: чектерди табуу жана эки тараптуу кызматташтык

27-апрелде «Атуулдук жана динчилдик. Кыргызстандын тажрыйбасы» деген аталыш менен  онлайн-жолугушуу болуп ѳттү. Эксперттер атуулдук жана динчилдик принциптери бири-бирине каршы келип-келбегендигин, диний издѳѳлѳр мамлекеттик башкаруу системасынан канаттанбагандык жана кѳӊүл калуу менен байланыштуу болуп-болбогондугун талкуулашты. 


Иш-чара Кыргызстандагы Согушту жана тынчтыктыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) ѳкүлчүлүгү тарабынан «Ачык диалог аркылуу Борбор Азияда туруктуулук» аттуу долбоордун алкагында ѳткѳрүлдү. Трансляция Facebook платформасындагы Борбор Азия аймагында дин боюнча эӊ актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүн берген Belief.cabar.asia баракчасында жүргүзүлдү.

Эксперттик жолугушуу жаӊы форматта ѳттү – катышуучулар докладдар менен презентацияларга негизделген формалдуу бѳлүк жок эле, жеке ой-пикирлери менен бѳлүшүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алышты.  

14.00. Иш-чара башталууда. Байланыш ырасталды.

Башкаруу модератордун –  «Ачык диалог аркылуу Борбор Азияда туруктуулук» аттуу IWPR долбоорунун координатору Ильхом Умарахуновдун колунда.

Ал иш-аракетке киришип жатып, катышуучулардан даярдыгын сурады. Алар даяр экенин дароо эле билдиришти. Модератор ѳзүнѳ берилген жоопкерчиликти жакшы түшүнүп, кѳптѳн бери кѳмүскѳдѳ жүргѳн  «Кыргызстан коомунда атуулдук менен динчилдиктин орду кандай?» деген суроону узатты.

IWPR 2014-2020-ж.ж. карата дин чѳйрѳсүндѳгү Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын концепциясын жүзѳгѳ ашыруунун жыйынтыктары боюнча эксперттик жолугушуу ѳткѳрдү.

Биринчилерден болуп, Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовго сѳз берилди. Бирок, ал сыпайылыгын кѳрсѳтүп, виртуалдуу микрофонду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Нургүл Эсенамановага узатты.

Ошол эле күнү анын эки жолугушуусу – саат 14.00 жана 15.00дѳ бар экен. Биринчисинде – атуулдук жана динчилдик боюнча талкуу, экинчисинде – Юридикалык академиянын окутуучулар курамынын жыйыны. Эки жакка теӊ жетишүү зарыл эле. Анын үстүнѳ, биринчи иш-чаранын темасы анын «Кыргыз Республикасындагы социалдык-саясий абалга диний фактордун тийгизген таасири» аттуу изилдѳѳсүнѳ жакын экени белгилүү болду.  

Атуулдук менен динчилдик түшүнүктѳрүнүн бири-бирине каршы келе албоосу жѳнүндѳгү идея – Нургүл Эсенаманованын сѳзүнүн лейтмотиви болду:

“Динчилдик атуулдуктун натыйжасы боло алат. Бул эки түшүнүктүн бири-бирине айкалышып келгенин тарых кѳрсѳтүп турат. Мыйзам бузулган учурда гана чыр-чатак келип чыгат. Ал эми мыйзам сакталган жерде бул эки терминдин кайчылаштыгы болбойт”.

Кийинки сѳз укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасуловага берилди. Дин таануу экспертизасын ички баалуулуктары менен айкалыштырып  жүргүзүү жѳнүндѳ мыйзам долбоорунун үстүндѳ иштѳѳдѳ  ар кандай ойлор жаралган. Ал бул ой-пикирлерди айрымдары менен бѳлүштү:

“Атуулдук – бул мекенге болгон сүйүү. Бул сезим ѳлкѳдѳгү абал үчүн жана келечектеги муундардын алдында жоопкерчиликти пайда кылат. Бирок, атуулдук бош жерден келип чыкпайт, ал эки тараптан теӊ болууга тийиш. Ошондуктан, мамлекеттин ѳз жарандарына кылган мамилеси жана жарандардын мамлекеттин колдоосун сезүүсү абдан маанилүү. Динчилдиктин жогорулашынын себептеринин бири – ѳз ѳлкѳсүнѳ болгон үмүттүн акталбагандыгы.”

Стигматизацияга жол бербѳѳ максатында эксперт «атуулдук» терминин улут, раса, жыныс жана диний таандыктык менен окшоштурбай колдонуу маанилүү экендигин белгиледи.

 Бул ойду «Search for Common Ground» уюмунун Борбор Азия боюнча программаларынын директору  Кеӊешбек Сайназаров улантты:

“Атуулдук – бул эки тараптуу процесс. Албетте, биз коом үчүн кантип пайда алып келе аларыбыз жѳнүндѳ ойлонушубуз керек. Бирок, ошол эле учурда мамлекет ѳз жарандарына камкордук кылуу, пандемия шарттарында аларга ортоктош болуу аркылуу бириктирүүчү роль аткарууга тийиш.”

Жарандардын ичинде ѳзүнүн Кыргызстанга таандык экендиги жѳнүндѳгү сезимин натыйжалуу калыптандыруу үчүн эксперт билим берүү программасына тийиштүү темалардын киргизилиши аркылуу мектептен эле бул идеяны илгерилете баштоону сунуш кылды. Анын айтымында, билим берүү программасы окуучунун талаптары менен замандын талаптарынын негизинде түзүлүшү керек.

Эксперт калк менен иш алып барууга ѳзгѳчѳ кѳӊүл бурду.

«Башка ѳлкѳлѳрдѳ «практикалык атуулдук» деген түшүнүк бар. Мында атуулдук баалуулуктарын билим берүү мекемелеринин сыртында, жарандык катышуу жана активдүүлүк аркылуу күн сайын  колдонуу зарыл», – деп белгиледи Сайназаров.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов ѳткѳнгѳ кайтара турган каталарга жол бербѳѳгѳ чакырды:

“Ѳткѳндү карабай, келечекти курушубуз керек. Биргелешип пикир келишпестиктерди кантип чечерибизди жана элдин башын кантип бириктирерибизди ойлонолу. Баарыбыз теӊ – жарандар да, мамлекет да,  диний ишмерлер да – келечекте сыймык менен «Биз кыргызстандыкпыз!» деп айтуу үчүн атуулдук бирдейликти калыптандырууга умтулушубуз керек.”

Белгилүү теолог Кадыр Маликов, талкуунун темасы – улуттук жана универсалдуу диний баалуулук түшүнүгү экенин белгиледи.

“Ислам атуулдукка – ѳз элин, мекенин, жаратылышын сүйүүгѳ  каршы келбейт. Баары бири-бирине шайкеш келет. Бирок, биз адам тууралуу кеп кыла турган болсок, анда баары анын айланасында болууга тийиш.”

Баарлашууну аяктап жатып, катышуучулар түрдүү баалуулук системаларынын бири-бирин колдоосу менен ынтымагы, туруктуу диалогу менен шериктештиги коомдун ички туруктуулугун аныктап турганын айтышты.

Формалдуу жолугушуу жылуу достук аӊгемелешүүсүнѳ айланды. Кол алышуу жана кучакташып учурашуу болбогон мындай ѳзгѳчѳ жаӊы форматта  ѳткѳн иш-чара биримдиктин эӊ жогорку ролу жѳнүндѳ эстен кеткис таасир калтыра алды.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: